Абдырахман Маматалиев: “Башкы максатым – Мамлекеттик кадр кызматынын ишин жакшыртуу!”

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жаңы дайындалган директору Абдырахман Маматалиев 22-октябрьда Мамлекеттик кадр кызматынын аппараты менен болгон жолугушуу учурунда бир топ билдирүү жасады. Негизинен, А.Маматалиев Мамлекеттик кызматын жакшыртуу боюнча приоритеттүү багыттарга токтолду.

“Негизги максат Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгүндө өлкөдө болуп жаткан кырдаалда жаралган жаңы учурдун талаптарына жооп бере ала тургандай кадрларды таптоо, даярдоо жана өстүрүүнүн эффективдүү системасын түзүү. Айрыкча, жаш, профессионал кадрларды таптап, даярдап, алардын билимин, энергиясын мамлекеттик кызматка жумшоого жол ачуу мезгил талабы деген ойдомун. Аларды тарбиялап, даярдап гана койбостон жетекчилик кызматтарга сунуштоо да мезгил талабы.

Андан тышкары, эң башкысы мамлекеттик кызмат коррупциядан алыс, таза болушу зарыл. Жалпыбыз биргеликте мамлекеттик кызматты коррупциялык элементтерден арылтып, мамлекеттик кызматка таза, коррупциялык схемаларга аралашпаган кадрларды тартуу керек. Ошону менен катар, мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы мол, репутациясы таза улуу муундун өкүлдөр жаш адистерге өздөрүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, эриш-аркак иштешкенде гана жакшы жыйынтык жаралат ” – деди А.Маматалиев жолугушуу учурундагы сүйлөгөн сөзүндө.

КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы

Абдырахман Маматалиев: “Башкы максатым – Мамлекеттик кадр кызматынын ишин жакшыртуу!”

         Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын жаңы дайындалган директору Абдырахман Маматалиев 22-октябрьда Мамлекеттик кадр кызматынын аппараты менен болгон жолугушуу учурунда бир топ билдирүү жасады. Негизинен, А.Маматалиев Мамлекеттик кызматын жакшыртуу боюнча приоритеттүү багыттарга токтолду.

         “Негизги максат Мамлекеттик кадр кызматынын ишмердүүлүгүндө өлкөдө болуп жаткан кырдаалда жаралган жаңы учурдун талаптарына жооп бере ала тургандай кадрларды таптоо, даярдоо жана өстүрүүнүн эффективдүү  системасын түзүү. Айрыкча, жаш, профессионал кадрларды таптап, даярдап, алардын билимин, энергиясын мамлекеттик кызматка жумшоого жол ачуу мезгил талабы деген ойдомун. Аларды тарбиялап, даярдап гана койбостон жетекчилик кызматтарга сунуштоо да мезгил талабы. Андан тышкары, эң башкысы мамлекеттик кызмат коррупциядан алыс, таза болушу зарыл. Жалпыбыз биргеликте мамлекеттик кызматты коррупциялык элементтерден арылтып, мамлекеттик кызматка таза, коррупциялык схемаларга аралашпаган кадрларды тартуу керек. Ошону менен катар, мамлекеттик кызматтагы тажрыйбасы мол, репутациясы таза улуу муундун өкүлдөр жаш адистерге өздөрүнүн бай тажрыйбасы менен бөлүшүп, эриш-аркак иштешкенде гана жакшы жыйынтык жаралат ” – деди А.Маматалиев жолугушуу учурундагы сүйлөгөн сөзүндө.

 

          КР Мамлекеттик кадр кызматынын басма-сөз кызматы