Бүгүн, 25-октябрда Бишкекте “Жергиликтүү кызматтарды жакшыртуу” долбоорунун Байкоочу кеңешинин жыйыны өттү. Иш-чарага Швейцария элчилигинин мамлекеттик башкаруу жана шаар куруу бөлүмүнүн башчысы Натали Семороз, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Эльчибек Джантаев, ЖӨБ Союзунун директору Бектурган Орозбаев, мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана айыл өкмөт башчылары катышты.
Төмөнкү маселелер талкууланды:
— жергиликтүү инклюзивдик өнүктүрүү боюнча чаралар;
— муниципалитеттер аралык кызматташуу;
— жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу боюнча ЖӨБ Союзунун тажрыйбасы жана пландары;
— улуттук деңгээлдеги өзгөрүүлөр;
— долбоордук пландар ж.б.
Талкуунун жүрүшүндө жолугушуунун бардык катышуучулары Долбоордун мындан аркы ишинин жүрүшүндө натыйжалуулугун жана таасирин жогорулатуу боюнча өз ой-пикирлери жана сунуштары менен бөлүшүштү.