Презентация и консультации проекта по цифровизации в сельских сообществах       Кыргызской Республики

Бишкек, 2021-жылдын 16-декабры                                                                        Кыргыз Республикасынын бир катар министрликтеринин жана мамлекеттик агенттиктеринин (атап айтканда, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин; Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин; Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин) өкүлдөрү, Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгү, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору, ошондой эле “Лидер” жарандык демилгелер борбору Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын элеттик коомчулуктарда санариптештирүү боюнча долбоорун сунуштайт жана консультацияларды өткөрөт.

Айылдык жаштар жана аялдарынын абалы көптөгөн факторлордон улам, анын ичинде инфраструктуранын жетишерлик деңгээлде курулбагандыгына жана мамлекеттик кызматтардын жеткиликтүү болбогондугуна байланыштуу, адатта, өзүлөрүнүн шаардык курдаштарына салыштырмалуу бир кыйла начар шартта жашап келишет, билим алууда жана иш менен камсыз болууда перспективалуу сунуштардын жоктугу  көйгөйүнө туш болушат. Бул маселе айрыкча Баткен, Ысык-Көл жана Ош облустарынын алыс жайгашкан райондоруна тиешелүү.

“DigiKonush” долбоору “Лидер” жарандык демилгелердин борбору (Кыргызстан) жана Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борбору (Эстония) тарабынан 2020-2023-жылдар аралыгында Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылууда.Долбоор санариптик технологияларды колдонууну илгерилетүүгө, жаштарды, аялдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын, жарандык коомчулук уюмдарын, элеттик бизнести санариптик трансформация процессине тартууга, ошондой эле билим берүү уюмдарынын потенциалын жогорулатууга багытталган.

Долбоордун консультацияларынынучурунда элеттик  жаштардын жана аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында санариптик технологияларды колдонуудагы негизги көндүмдөрдү жана керектөөлөрдү баалоо үчүн изилдөөнүн жыйынтыктары сунушталып, долбоорду ишке ашыруунун артыкчылыктуу багыттары аныкталат.

Республиканын үч аймагында Баткен, Каракол, Ош шаарларындагы 3 санариптик көндүм борборлору Баткен мамлекеттик университетинин, Ысык-Көл мамлекеттик университетинин жана Ош мамлекеттик университетинин базасында бир катар параметрлер боюнча кайра жабдылмакчы. Борборлордун максаты болуп жарандык коомчулук уюмдарын, IT-коомчулуктарын, Эстониянын эксперттерин элет тургундарынын жашоо сапатын жакшыртуу үчүн инновациялык идеяларды жана сунуштарды иштеп чыгуу менен өз иштерине тартуу болуп саналат.