Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Э.Н. Джантаев 2021-жылдын 16-20-декабрь күндөрү Ысык-Көл жана Нарын облустарында иш сапары менен болду.

Директор агенттиктин Түндүк аймактык өкүлчүлүктөрүнүн жооптуу кызматкерлери менен жолугушуп, ал жердеги жасалып жаткан иштер менен жеринен таанышты. Жолугушуу учурунда, буга чейинки Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Аймактык өнүгүү мамлекеттик агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматты бир агенттик болуп түзүлгөндүгүнө байланыштуу, эки тараптын өкүлдөрүн бир имаратка жайгаштыруу маселеси каралып, мындан ары ишти уюштуруу боюнча чаралар иштелип чыкты.

Ошондой эле, директор алдыдагы шаар мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарына муниципалдык кадрлар резервин түзүү боюнча өткөрүлө турган республикалык конкурска карата иш-чараларды оптималдаштыруу жана даярдоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Тагыраак маалымат:

Жумушчу сапардын жүрүшүндө, компьютердик тестирлөө системасынын сапатын жогорулатуу жана техникалык жактан камсыздоону модернизациялоо максатында, атайын ылайыкталган 15 компьютер Нарын шаарындагы тестирлөө борборуна өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары, иш сапардын жүрүшүндө Э.Н. Джантаев Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.К. Кожоев жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү С.А. Ашимбаев менен мындан аркы иштер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.