Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын мамлекеттик жарандык кызматынын кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине киргизүүгө ачык сынак жарыялайт
Кадрдык резервге киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:
1)Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
2)21 жаштан кем эмес;
3)кадрлардын резервине киргизүү үчүн мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга жооп берүүгө.

Административдик кызмат орундарынын кенже топ үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
Негизги тест үчүн төмөнкү ЧУАларды милдеттүү түрдө билүү:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»Мыйзамы;
3)Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускама.

Журналистика багыты боюнча:
1)Кесиптик билим деңгээли:
-журналистика, реклама жана коом менен байланыштар багыты боюнча гуманитардык илимдер жаатында, журналистика жана оператор, видео режиссер жана монтажер, телеоператор жана монтажер, телекөрсөтүү жана радио байланыш, режиссер жана оператор, кинооператор жана телеоператор, сүрөтчү жана видеооператор багыты боюнча маданият жана искусство багытындагы жогорку билим.
2)Иш стажы жана тажрыйбасы:
− иш стажына талаптар коюлбайт.
-журналист, оператор-монтажер катары бир жылдан кем эмес иш стажына артыкчылык берилет.
3)Кесиптик компетенциялар:
3.1.Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды билүү:
— Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө”, “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө”, “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө”;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;
— Журналисттердин республикалык съездинде 2007-жылдын 8-декабрында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын журналисттеринин Этикалык кодекси (өзгөртүүлөр журналисттердин республикалык конференциясында, 16-апрель, 2009-жыл, 8-декабрь, 2012-жыл, 26-Май, 2018-жыл “Кыргызстандагы Медиа: келечекке кадам” форумунда 23-март, 2022-жыл);
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому.
3.2.билгичтиги:
— видеону монтаждоо;
— фото жана видео тартууну жүргүзүү жана камсыздоо;
— маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
— программалар менен иш алып баруу (adobe premiere pro, adobe after effect, edius, microsoft excel, word, powerpoint, canvo, photo shop ж. б.);
— ММК менен иштөө, интервьюларды, пресс-турларды уюштуруу, тартуу жана монтаждоо;
— техника менен иштөө (камера, фотоаппарат, дрон, компьютер).
— видеоклиптерди даярдоо, тартуу, монтаждоо;
— кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
— жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
— мониторингди туура жүргүзүү;
— сайт, социалдык тармактар менен иш алып баруу (Фейсбук, инстаграмм, Твиттер, Тик-Ток).
3.3.көндүмдөр:
— кесиптик этика стандарттарын сактоо;
— натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын билүү, кеңешмелерди жана жолугушууларды өткөрүү, эл алдында чыгып сүйлөө жана мамлекеттик жана расмий тилдерде иштиктүү кат алышууну жүргүзүү;
— өзүнүн компетенциясынын чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү.

Мамлекеттик тил боюнча лингвист
1) Кесиптик билим деңгээли:
— лингвистика (котормо жана мамлекеттик тилди которуу) багыты боюнча гуманитардык илимдер жаатындагы жогорку кесиптик билими.
— «Кыргызтест» мамлекеттик мекемесинин «С1» формасындагы күбөлүктүн болушу.
2) Иш стажы жана стажы:
— иш стажына талаптар жок.
3) Кесиптик компетенциялар:
3.1.Предметтик тестирлөө үчүн төмөнкү ЧУА ларды билүү:
— “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары “Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө”, “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”, “Электрондук башкаруу жөнүндө”
— Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодекси”;
— Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин 2021-жылдын 26-октябрындагы № 570 тескемеси менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Регламенти;
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28- октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламенти.
— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинин маселелери жөнүндө” 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 247 токтому.
3.2. билгичтиги:
-расмий тилден мамлекеттик тилге жана мамлекеттик тилден расмий тилге котормолорду ишке ашыруу
-мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иш боюнча кат жазыша билүү;
-кызматтык милдеттерине ылайык ѳзүнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
-командада иштѳѳ.
3.3.кѳндүмү:
-ченемдик укуктук актылар менен иштей билүү жана аларды иш жүзүндѳ колдонуу;

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди көктөмөдө мамлекеттик тилде тапшыруу зарыл:
1)Жеке арызы;
2)резюме (электрондук почтасын, телефонун көрсөтүү менен);
3)өмүр баяны (соттуулугу жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
4)негизги жана кошумча (бар болсо), билимди тастыктаган документтердин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
5)Эмгек китепчесинин (эмгек стажы бар болсо) нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же акыркы иштеген жери боюнча;
6)илимий даражасы жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (эгерде бар болсо);
7)паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);
8)Толторулган кадрларды эсепке алуу боюнча жеке баракчасы;
9)2 даана 3х4 разм кызыл фондогу сүрөт.

Сынакка катышуучу адамдар кошумча сунуш каттарды бере алышат.
Ачык сынакка андан ары катышуу үчүн документтери коюлган талаптарга ылайык келген талапкерлер гана чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек Сынакка катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 27-ноябрынан тартып 2024-жылдын 10-декабрына чейин (кошо эсептелет) саат 09:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.
Бишкек, ул. Жибек-Жолу 326 (Орозбеков көчөсүнүн кесилиши ),
2-кабат, 214А каб., тел.: 0312 67-01-78.
Сынакка катышуу үчүн маалымат www.minenerg.gov.kg сайтында кошумча жайгаштырылган.