Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы Мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук тобун ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.

Улук административдик мамлекеттик кызмат орундары үчүн:
Билим:
1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2)“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3) “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4) “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6) “Коррупцияга каршы күрөшүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилген талаптарга ылайык мамлекеттик тилди билүүсү, кызматтык милдеттерин аткарууда аны колдонуусу, ошондой эле расмий тилди билүүсү;
– Мыйзамдарга каралган учурларды кызматчынын ишин жүзүгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдөгү санариптик сабаттуулуктун болушуна.

1. Кесиптик билим деңгээли: (юридикалык багытта – Сот аткаруучу)
– төмөнкү багыт боюнча жогорку кесиптик билим: Юриспруденция.
2. Стажы жана иш тажырыйбасы:
– мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Үй-бүлө кодекси; Кыргыз Республикасынын “Жарандык укук бузуу жөнүндө” кодекси; “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Сот аткаруучулардын статусу жана аткаруу өндүрүшү жөнүндө”;
1. Кесиптик билим деңгээли:( экономикалык багытта -бухгалтерия боюнча)
– төмөнкү багыттар боюнча жогорку билим: Экономика.
2. Стаж жана иш тажырыйбасы:
– мамлекеттик жана\же муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 1 жылдан кем эмес стажы, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
3. Кесипкөй иш-билгилиги:
3.1. Билүү:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; Кыргыз Республикасынын Салык кодекси; “Эмгек акыны, пенсияларды, пособиелерди, стипендияларды жана башка социалдык төлөөлөрдү өз убагында берүүнү камсыз кылуу жөнүндө”; “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”; “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;
– Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы № 137 буйругу менен бекитилген мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык очтеттуулукту жүргүзүү боюнча Жобо;
– Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын 2025-жылдын 11-июлундагы № 51-Б “Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматын түзүү жөнүндө” буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы жөнүндө Убактылуу жобонун 20-пункту.
– бухгалтердик программа 1C.

Конкурска катышуу үчүн 2026-жылдын 27-апрелинен тартып 18-май күнү документтерди «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу конкурска катышуу ниетин билдирген адамдар https://kyzmat.gov.kg/: — электрондук форматта арыз беришет;
— Кыргыз Республикасынын персоналдык мүнөздөгү маалымат чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырасташат;
— Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүдө белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү кабыл алгандыгын ырасташат.
Арызга төмөнкү документтер электрондук форматта тиркелет (сканерленген документтер):
1) Диплом билимин тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
2) иш стажын тастыктаган документ (эмгек китепчесинин көчүрмөсү);
3) паспорт (түп нускасы конкурстун ар бир этабында көрсөтүлөт).
4) резюме (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен жана жакын туугандарынын соттолбогондугу жөнүндө маалымкат);
– илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);
Конкурска катышуу үчүн арыздар 2026-жылдын 27-апрелинен 2026-жылдын 18-майына чейин «e-Kyzmat» мамлекеттик порталы аркылуу кабыл алынат (https://kyzmat.gov.kg/). Документтери белгиленген талаптарга жооп берген талапкерлер гана ачык конкурска андан ары катышууга чакырылат. Талапкерлердин байланыш маалыматтары жана дареги так көрсөтүлүшү керек.
Конкурстун өтө турган жери жана убактысы, ошондой эле кабыл алынган талапкерлердин саны кошумча кабарланат. Документтердин толук пакетин тапшырбаган, ошондой эле коюлган талаптарга ылайык келбеген талапкерлер конкурска киргизилбейт.
Бишкек шаары, Анкара көчөсү 1/5 Байланыш тел. 0500449512