Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги кадрлар резервине киргизүү үчүн төмөнкү квалификациялык талаптарга ылайык ачык тандоо конкурсун жарыялайт: Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундарына квалификациялык талаптар: Кесиптик компетенциялары: Билими: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 3) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 4) Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: 5) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; 6) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; 7) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 8) «Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө»; 9) «Маалыматка жетүү укугу жөнүндө»; 10)«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 11) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү; – мыйзамдарда каралган учурларда кызматтык ишти жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү деңгээлде санариптик сабаттуулукка ээ болуу. Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарына квалификациялык талаптар: Кесиптик компетенциялар: Билими: 1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2) «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; 3) «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: 4) «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө»; 5) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө»; 6) «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө»; 7) «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө»; 8) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актылары менен белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү; – мыйзамдарда каралган учурларда кызматтык ишти жүзөгө ашыруу үчүн жетиштүү деңгээлде санариптик сабаттуулукка ээ болуу. Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундарына квалификациялык талаптар: 1. Кесиптик билим деңгээли: – «Саламаттыкты сактоо» багыты боюнча жогорку билим; гуманитардык илимдер (саясат таануу, юриспруденция); Экономика жана башкаруу (менеджмент, персоналды башкаруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу); Социалдык илимдер (социология). 2. Эмгек стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Кесиптик компетенциялары: 3.1. Билими: Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында: – “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө”, – “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө”; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентинин; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматкерлеринин этика кодекси”; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо; Административдик мамлекеттик башкы кызмат орундарына квалификациялык талаптар: 1. Кесиптик билим деңгээли: – жогорку билим: “Саламаттыкты сактоо” багыты боюнча санитария жана гигиена, медициналык-профилактикалык иш; 2. Эмгек стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенциялар: Билими: – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: – “Кыргыз Республикасындагы жарандардын ден соолугун сактоо жөнүндө”, – “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”; – “Кыргызгаз Республикасынын жарандарынын ден соолуктарын тамекинин зыяндуу таасиринен жана аны колдонуудан коргоо жөнүндө”, – “Көрсөтүүчүлүк субъекттерин текшерүү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө”, – “Техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө”, – “Қыргыз Республикасында жарандардын медициналык камсыздандыруусу жөнүндө” мыйзамдарына. – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Регламентинин; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 249 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо; – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы №329 токтому; – Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматкерлеринин Этика кодексинин; – мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматка байланыштуу башка ченемдик укуктук актылар. – адам ресурстарын башкаруу жаатындагы менеджменттин негиздери. Административдик мамлекеттик улук кызмат орундарына квалификациялык талаптар : 1. Кесиптик билим деңгээли: – экономика, экономикалык жана социалдык пландоо, финансы жана кредит, бухгалтердик эсеп жана аудит багыты боюнча «Экономика жана башкаруу» жогорку билими. 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: – жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3. Билими: – Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, – Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоосун каржылоодогу Бирдиктүү төлөөчү тутуму жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө»; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы №249 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жөнүндө жобо; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-сентябрындагы №493 «Жарандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик кепилдиктер программасын бекитүү жөнүндө» токтому; – 2022-жылдын 30-мартындагы № 182 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлеринин эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө». Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтерди алып келүү керек: – жеке арыз; – резюме (электрондук дареги көрсөтүлүүгө тийиш), – өмүр баяны: – соттуулугу жок экендиги тууралуу маалым кат; – негизги, кошумча (эгерде, бар болсо) билимин тастыктоочу документтеринин акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; – эмгек китепчесинин (эгерде, иш стажы бар болсо) акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү; – окумуштуулук даражасы же окумуштуулук наамы тууралуу документтеринин көчүрмөсү (эгерде, бар болсо); – Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте талапкердин жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө анын макулдугу. Документтерди кабыл алуу убактысы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Бишкек шаары, Москва көчөсү №148. Кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын 12-майынан тартып 2026-жылдын 25-майына чейин. Байланыш телефону: (0312) 66-05-48, https://kyzmat.gov.kg/ru шилтемеси аркылуу документ тапшыруу зарыл. Жарыя Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин med.кg сайтына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин www.mkk.gov.kg сайтына жайгаштырылды. Эскертүү: Коюлган талаптарга туура келген конкурсанттар конкурска катышууга чакырылат. Байланыш телефондорун жана электрондук почталарын көрсөтүүлөрү зарыл. Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына караштуу Сот аткаруучулар кызматы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы