Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде
Абдыш Ракымов атындагы орто мектептин окуучулары конокто.

Агенттиктин директору Эльчибек мырза Ак- Суу районунун, Ак-Чий айылындагы, Абдыш Ракымов атындагы орто мектептин жогорку классынын окуучулары менен жолугушту. Жолугушуу аңгемелешүү форматында өтүп, окуучулар өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп ала алышты.
Аталган мектептин жетекчилиги айылынан чыккан мамлекеттик, коомдук ишмерлер менен окуучуларды жолугуштуруу турун уюштурушкан. Турдун максаты, өспүрүмдөргө стимул берүү менен ийгилик жарата алган ага эжелеринен кеп- кеңештерин угуу аркасында тарбиялык үлгү алуу болгон.
Эльчибек мырза окуучуларга: «Эң негизгиси татыктуу билим алуу, дүйнөлүк тилдерди үйрөнүү менен туура максат коё билүү ийгиликтердин ачкычы боло алат»- деди.
Ошондой эле өспүрүмдөр Агенттиктин директорунун колунан шыктандыруучу жанрдагы китептерди белекке алышты.