Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер англис тилин билүү көндүмдөрүн аралыктан жакшырта алышат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн (JICA) колдоосунда англис тилин аралыктан окуу курсун жана чет өлкөлүк ЖОЖдорго тапшыруу үчүн сунуштамаларды жарыялады.
Курс мамлекеттик кызматкерлерди окутуу сапатын жогорулатуу жана системасын андан ары жакшыртуу, кызматкерлердин англис тилин билүү көндүмдөрүн жакшыртуу максатында, ошондой эле кызматкерлерди чет өлкөдөн окутуу программаларына, өзгөчө JDS программасына, дагы да жакшы даярдоо үчүн иштелип чыкты.
Мындан ары мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жумуш орундарында же жумуштан бош убактысында көрсөтүлгөн дистанциялык курстан өтүү менен англис тилин билүү деңгээлин жогорулата алышат.
Дистанттык англис тили курсунун мазмундук бөлүгү «Лингва» Инновациялык билим берүү фонду, ал эми техникалык бөлүгү Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы «Инфоком» мамлекеттик ишканасы тарабынан иштелип чыккан.
Окутуу курсуна катталуу жана өтүү үчүн www.do.gov.kg шилтемеси аркылуу өтүү зарыл.
Учурдан пайдаланып, Агенттик Япониянын эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнө (JICA) аралыктан курсту иштеп чыгууга колдоо көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.
Бардык маселелер боюнча төмөндөгү телефон боюнча кайрылсаңыздар болот: (0312) 660193/620242 (Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин эл аралые кызматташтык жана окутуу бөлүмү).