Агентиктин Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Баткен облусунда
Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаевдын тапшырмасы менен Түштүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Саадат Туйгунова Баткен облусуна иш сапар менен барып, облустун жетекчилиги жана айыл өкмөт башчылары менен жолугушту. Иш сапардын алкагында КР Министрлер Кабинетинин 52 токтомун турмушка ашыруу боюнча маселелер каралды.