Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан Нарын облусунда ишке ашкан административдик аймактык реформанын жыйынтыгы боюнча семинар өткөрүлдү.
Иштин жыйынтыгы менен жеринде таанышуу максатында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими, айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана муниципалдык ишканалардын жетекчилери тажыйырба алмашуу семинарына келип кетишти.
Келген делегацияны Агенттиктин Нарын облусундагы кызматкери Жылдыз Мамбетова, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү
А. Эргешов кабыл алып реформанын жыйынтыктарын айтып беришти . Ошондой эле Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн регионду өнүктүрүү башчысы Э.Турганбаева тарабынан атайын презентация көрсөтүлдү.Суроолорго жооптор берилип, эркин пикир алмашуу болду.