Кудайберген Базарбаев Жогорку Кеңештин сыйлыгын алды
Кудайберген Базарбаев парламентаризмди жана Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишин өнүктүрүүгө кошкон салымы, ошондой эле жигердүү коомдук-саясий иши үчүн, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине 85 жыл” юбилейлик медалы менен сыйланды
КР Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев бир катар мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер менен илимпоздорго жана ар кыл тармактын мыктыларына Жогорку Кеңештин сыйлыктарын тапшырды.
85 жылдык юбилейлик медалдар менен Улуттук илимдер академиясынын (УИА) вице-президенти Чолпонкул Арабаев, УИАнын Тил жана адабият институтунун директору Абдылдажан Акматалиев, ошондой эле сыйлык менен Кудайберген Базарбаев жана УИАнын илимий кызматкерлери — Токон Мамытов, Сулайман Кайыпов ,, Айнуру Алтыбаева, Турдукан Жумабекова, Айнура Аскарова ж.б. сыйланды. Ал эми, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев Жогорку Кеңештин Ардак грамотасына ээ болду.