Агенттиктин Түндүк аймактар аралык башкармалыгы тарабынан уюштурулган тажыйырба алмашуу семинары болуп өттү
Иш чарага Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунан келген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты. Семинардын жүрүшүндө, Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин кампусуна экскурсия уюштурулду. Буга чейин, Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев менен Бархат Фазалдын жолугушуусунда эки тараптуу бир катар маселелер талкууланган. Тогуз-Торо районунан келген өкүлдөр окуу жайдын билим бердөгү өзгөчөлүктөрү менен жеринде таанышышты.