КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТ ЖАНА ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИК

ЖАКЫНДА

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын
7-мартындагы № 62 “2030-жылга чейин аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын жана 2024-2027-жылдарга аялдардын лидерлигин колдоо боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттер планыи бекитүү жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын (акимдердин) жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына, ошондой эле шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын кызмат орундарына кадрлардын резервине киргизүүгө талапкерлерди тандоо боюнча  конкурс жарыялайт.

Конкурстук тандоо үч этапта жүргүзүлөт:

  1. Документтерди карап чыгуу.
  2. Компьютердик тестирлөө.
  3. Аңгемелешүү.

Белгиленген талаптарга ылайык келген талапкерлер тестирлөөгө киргизилет.

Эгерде талапкер тестирлөөдө 60% балл алса, анда ал тестирлөөнүн экинчи түрүнө — логикалык тест тапшырууга уруксат берилет.

Мурда кадрлардын Улуттук резервинде турган адамдар конкурска катышууда бир гана аңгемелешүү этабына катышат.

Резервде туруу мөөнөтү 3 жылды түзөт.

Агенттик аялзатын ушул конкурска активдүү катышууга чакырат. Биз бирдей мүмкүнчүлүктөргө ишенебиз, ошондуктан аялзатын өз жөндөмдөрүн жана потенциалдуу лидер катары көрсөтүүгө чакырабыз.

Сынак жөнүндө маалымат менен Агенттиктин веб-сайтында https://mkk.gov.kg/ таанышууга болот.

Суроолоруңуз болсо, төмөнкү номерлерге кайрылыңыздар:

312 62 04 12, 0 312 — 66 01 49.