Агенттиктин директору К. Базарбаев Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) жаңы дайындалган жетекчиси ЛИМ Соён айым менен жолугушту

Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасындагы Корея Эл аралык кызматташтык агенттигинин жаңы дайындалган жетекчиси ЛИМ Соён айым менен таанышуу жолугушуусу өткөрүлдү.

Жолугушууда К.Базарбаев ЛИМ Соен айымды жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, иш алып баруусуна ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө К.Базарбаев өзү жетектеген  Агенттиктин ишмердүүлүгү менен кыскача тааныштырып, кадр саясаты, жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери, санариптештирүүнү өнүктүрүүдө «Санарип Аймак» программасы боюнча жана аялдардын лидерлигинин мамлекеттик программасынын жүзөлөнүшү жөнүндө КР Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу боюнча мындан аркы кызматташуунун жолдорун сунуштады.

Андан соң Агенттиктин директору магистратура, докторантура жана кыска мөөнөттүү курстардын программаларынын алкагында Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерин Түштүк Кореянын мыкты окуу жайларында окутуу боюнча KOICA менен Агенттиктин ийгиликтүү биргелешкен ишмердүүлүгүнүн маселелерин козгоду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын кызматкерлери үчүн квоталарды көбөйтүү маселесин талкуулашты.

Өз кезегинде ЛИМ Соен айым К.Базарбаевга жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, жогорудагы сунуштарга оң баа берерин билдирди. Ошону менен катар Түштүк Кореяда кызматкерлерди окутуу боюнча квоталарды көбөйтүү боюнча сунушту карап чыгууга кызыкдар экенин айтуу менен мындан ары тыгыз жана жемиштүү кызматташууну каалады.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги 2016-жылдан бери Кыргыз Республикасындагы Корея эл аралык кызматташтык агенттиги менен тыгыз кызматташып келет. Тактай кетсек 80ден ашык кызматкер магистрдик/, доктордук даражаларды алышты жана 500гө жакын кызматкер Кореядагы кыска мөөнөттүү курстарга катышышты.