Мамлекеттик кадр кызматы мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктайт

Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!

Сиздерди, кесиптик майрамыңыздар менен чын дилибизден куттуктайбыз! Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар өзгөчө кырдаалдын убагында белгиленип жатат. Республиканын тургундарынын жашоосуна жана ден-соолугуна зыяндуу эпидемиялык коркунуч дагы эле сакталууда. Көпчүлүк жарандар, ишканалар өздөрүнүн экономикалык жигердүүлүгүн убактылуу токтотууга мажбур болууда.Мунун кесепетинен экономика толук кандуу иштей албай жатат.

Ушундай мезгилде, карантиндик чектөөлөргө карабастан мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнө тиешелүү жумушту алып барууда. Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга орчундуу тапшырмалар жүктөөлүүдө. Учурда, өзүңөрдүн элге кызмат кылууңар, жашооңор жана иштөөңөр менен башка жарандарга үлгү көрсөтүп, элдин бийликке болгон ишенимин мындан ары күчөтүү керектигин унутпашыңыздар керек.

Андыктан, бийликтин жер-жердеги өкүлдөрү катары ак-ниеттүү, абийирдүү, кесипкөй сапаттарыңар менен мекенибиздин тургундарынын жашоосун жакшыртууга, өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүгө бардык күч-аракетиңерди жумшооңор зарыл. Башкаруу тутумунда өз ишин билген, элдин түпкү кызыкчылыгын, муктаждыгын жакшы түшүнгөн, учурдун эле эмес келечектин да талабына жараша иш алып баралган менеджер кадрлардын көбөйүшү кубандырбай койбойт.

Мезгилдин талабына ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кесипкөй, жоопкерчиликтүү кадрларды тартуу менен элге кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга багытталган, кызматчылардын майнаптуу жана жемиштүү эмгектенишине көмөктөшкөн жаңычыл механизмдерин ишке киргизүүгө мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу негизги милдетиңер.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматты өтөө багытындагы иштерди жакшыртуу боюнча Силердин алдыңарда көп милдеттер турат. Мекенибиздин жарандарына кызмат көрсөтүүнүн сапатын арттырып, аппараттын түзүмүн жакшыртып, мамлекеттик башкаруунун кынтыксыз иштей ала турган тутумун түзүүбүз керек. Кызматты жаңылоого, мындан ары өнүктүрүүгө багытталган олуттуу кадамдарды жүзөгө ашырууда бардык күч-аракетиңерди жумшаарыңарга ишеним бар.

Алдыга койгон максатыңарга жетүүдө баарыңыздарга кайраттуулукту

келечекке умтулгандыкты жана чың ден-соолукту каалайбыз!