2021-жылдын 14-декабрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча Мамлекеттик агенттиктин (Мамлекеттик агенттик) директору Элчибек Жантаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Жаштар үчүн жаркын келечек” долбоорунун жетекчиси Сандра Фур менен жолугушту.

Жолугушууда жергиликтүү бюджетти иштеп чыгууда жана аткарууда, жаштардын көйгөйлөрүн илгерилетүү аркылуу жергиликтүү жаштарды өнүктүрүүгө багытталган өнөктөш муниципалитеттердин аракеттерин колдоо пландарын ишке ашыруу, ошондой эле жаштарды кесипке багыттоого жана ишке орноштурууга көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоорлорду колдоо боюнча маселелер талкуланды.

Э.Джантаев белгилегендей, бүгүнкү күндө Мамлекеттик агенттик менен GIZдин “Жаштар үчүн жаркын келечек”  долбоорунун ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлде. Ал GIZге Кыргыз Республикасында жаштарды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.