Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин түштүк аймактык өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 5-ноябрындагы № 521 «Кадрлардын региондук резервин жана муниципалдык резервин түзүү жана алардын иштөөсү жөнүндө» Жарлыгына ылайык Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат орундарына дайындоо үчүн муниципалдык кадрлар резервине киргизүү үчүн конкурс жарыялайт

Муниципалдык резерв — шаардын мэринин, анын орун басарларынын жана айыл өкмөтүнүн башчысынын бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдердин) тобу.

Муниципалдык резервди түзүүнүн максаты шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөт башчыларынын бош кызмат орундарын эң квалификациялуу жана келечектүү башкаруучу кадрлар менен өз убагында алмаштыруу болуп саналат.

Муниципалдык резервге киргизүүгө конкурс төмөнкү этаптарды камтыйт:

  1. документтерди кароо;

 2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүүгө компьютердик тестирлөө;

  1. аңгемелешүү.

(тестирлөө үчүн ченемдик-укуктук актылардын тизмеси)

Муниципалдык резервге төмөнкү адамдардын ичинен тандоо жүргүзүлөт:

— Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын улуттук кадрлар резервинде (мындан ары — Улуттук резерв) тургандардын;

— квалификациялык талаптарга шайкеш келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын.

Улуттук резервде турган, муниципалдык резервге конкурстук тандоого катышууга каалоосун билдирген адамдар аңгемелешүү этапын өтөт.

Иш стажына карата квалификациялык талаптар:

  • Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин кызмат ордуна – жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 3 жылдык иш стажы, ошондой эле иштин башка чөйрөлөөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар;
  • Райондук маанидеги мэрлеринин орун басарынын кызмат ордуна – жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта жалпысынан 3 жылдан кем эмес иш стажы, же тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы.
  • Айыл өкмөттөрүнүн башчыларынын кызмат ордуна — жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматта 3 жылдык иш стажы, ошондой эле иштин башка чөйрөлөөрүндө жетектөөчү кызматта 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы бар.

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

тиркемеге ылайык форма боюнча өзүнүн арызы;

тиркемеге ылайык форма боюнча резюме, сүрөтү менен;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү;

— илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо);

 — туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Документтерди тапшыруу мөөнөтү:

2021-жылдын 13- декабрынан 24-декабрына чейин. Документтер саат 9:00-дөн 18:00-гө чейин кабыл алынат.

Райондук маанидеги шаарлардын мэрлеринин, алардын орун басарларынын жана айыл өкмөттөрунүн кызмат ордуна  кагаз түрүндөгү документтерди ылдам тиккичке тиркеп, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин аймактык өкүлчүлүктөрүнө тапшырсаңыздар болот.

  1. Дареги: Ош шаары, Ленина көч. 221(Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү имараты 2 кабат)

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыңыздар: Тел.: (03222) 5-66-15,  5-50-76

(0220) 00-48-00, (0558)86-86-34

  1. Дареги: Баткен шаары, Т. Сыдыкова көч., (Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүү имараты)

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыңыздар: тел.: (03622) 5-02-93.

(0777) 21-26-36

  1. Дареги: Жалал-Абад шаары, Эркиндик 11 көч., (Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн имараты, 1 кабат).

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыңыздар: тел.: (03722) 2-45-66, 2-43-06, (0778) 79-79-05