Манас райондук мамлекеттик администрациясы  Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын негизинде   кенже кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

 

Манас райондук мамлекеттик администрациясынын кадрлар резервине конкурс төмөнкүдөй өткөрүлөт:

– бош административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кенже тобун ээлөөгө. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;;2) 21 жаштан жаш болбоого;3) мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.    Негизги тест үчүн төмөнкү ченемдик укуктук актыларды милдеттүү түрдө билүү:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

2) Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы;

3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

1) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (иш кагаздарын жүргүзүү тармагы боюнча):

 

Административдик мамлекеттик  кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

  • Кесиптик билимдин деңгээли:
  • Жогорку кесиптик билим;
  • Стажы жана иш тажрыйбасы:
  • Стаж талап кылынбайт.
  • Кесиптик компетенттүүлүгү:
  • Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө» мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндөгү” мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы;
  • кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

 

Билгичтиги:

  • жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
  • кызматтык милдеттерине ылайык өзүнүн ишин натыйжалуу пландоо;
  • жарандардын кайрылууларын карап чыгуу жана ал боюнча жоопторду даярдоо;
  • мамлекеттик жана/же расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
  • командада иштөө.

 

Көндүмдөрү:

  • мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;
  • мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

–     компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды

колдоно билүүсү.

2) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (социалдык маселелер тармагы боюнча):

Административдик мамлекеттик кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

  • Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, социалдык илимдер, педагогикалык билим берүү жана гуманитардык илимдер  багытындагы жогорку кесиптик билим.

2     Стажы жана иш тажрыйбасы:

  • Иш стажына талап коюлбайт;

 

3     Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Кыргыз Республикасынын “Маданият жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Ички миграция жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” мыйзамы;

— Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жаштар саясатынын негиздери жөнүндө” мыйзамы;

-кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

 

 

Билгичтиги:

  • маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;
  • ишти натыйжалуу пландоо;
  • калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);
  • аналитикалык документтерди талдоо;
  • кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;
  • ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

 

Көндүмдөрү:

  • Иш кагаздарын жүргүзүүдөгү маселелерди натыйжалуу чечүү;
  • аналитикалык документтерди иштеп чыгуу;
  • мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;
  • компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продукттарды колдоно билүү.

 

 3) Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн (айыл чарба, өнөр жай, экономика жана инвестиция тартуу тармагы боюнча)

Административдик мамлекеттик кызмат ордуна төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет:

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

Экономика жана башкаруу, юриспруденция,   транспорттук техника жана технология, айыл чарбасы жана техникалык багыттар боюнча жогорку кесиптик билими;

  1. Стажы жана иш тажрыйбасы:

— Эмгек стажы боюнча талап коюлбайт;

  1. Кесиптик компетенттүүлүгү:

Билими:

— Кыргыз Республикасынын “Турак жай  кодекси;”

– Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүңдө” мыйзамы;

– Кыргыз Республикасынын “Чакан ишкерликти мамлекеттик колдоо  жөнүндө” мыйзамы;

— кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик же расмий тилдерди билүү;

Билгичтиги

— маалыматты жыйноо, талдоо, системалоо жана жалпылоо;

— ишти натыйжалуу пландоо;

— калк менен натыйжалуу иш жүргүзүү (консультациялар, түшүндүрүү иштери, жарандарды угуу жана кабыл алуу);

— аналитикалык документтерди талдоо;

— кесиптештери менен натыйжалуу кызматташуу;

— ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.

Көндүмдөрү:

— Иш кагаздарын жүргүзүүдөгү маселелерди натыйжалуу чечүү;

— аналитикалык документтерди иштеп чыгуу;

— мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу;

— мамлекеттик жана расмий тилдерде чыгып сөз сүйлөө жана ишкердик кат алышуу;

– компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктулардыколдоно билүүсү.

 

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

 

Белгиленген талаптарга туура келбеген документтерди жана маалыматтарды тапшырган жарандарды сынакка катыштырууга жол берилбейт.

Сынакка катышуу үчүн керектүү документтерди төмөндөгү дарекке  жарыя  чыккан күндөн баштап 15 календарлык күндүн  ичинде саат 9-30 дан  17:30 га чейин тапшыруу керек.

Дареги: Манас району, Покровка  айылы,  Кояшев көчөсү №63,  Манас райондук мамлекеттик администрациясынын   имараты, Тел. /03459/ 2 28 41. Моб. 0773 966954, 0772 662028