Мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 7-февралындагы №37 буйругуна 4-тиркеме

 

Мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн

ЖОБОСУ

    1. Жалпы жоболор
    2. Негизги милдеттери
    3. Функциялары
    4. Түзүмү
    5. Укуктары
    6. Жоопкерчилиги

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин (мындан ары — Агенттик) Мониторинг жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн (мындан ары — бөлүм) ишинин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт, анын түзүмдүк жана аймактар аралык башкармалыктар менен өз ара мамилелери боюнча иш жүргүзөт.

    1. Жалпы жоболор

 

    1. Бөлүм агенттиктин өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат.
    2. Бөлүм өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, агенттик жөнүндө Жобону, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
    3. Бөлүм өз ишин Агенттиктин директорунун жана директордун жетектөөчү орун басарынын жалпы жетекчилиги астында жүзөгө ашырат.
    4. Бөлүм өз ишин түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр менен, ошондой эле жетекчиликтин тапшырмасы боюнча мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык жана эксперттик коомчулуктар менен тыгыз байланышта жүзөгө ашырат.
    1. Негизги милдеттери

 

    1. Бөлүмдүн милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

—     мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүү;

—     Агенттиктин ишинде мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу;

— мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине функционалдык талдоо жүргүзүү;

—     Агенттиктин мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;

—     мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;

—     мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдуулуктун сакталышын камсыз кылуу.

 

    1. Функциялары
    1. Алдыга коюлган милдеттерди аткаруу үчүн бөлүм төмөнкү функцияларды аткарат:

—     мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын жана башка документтердин долбоорлорун иштеп чыгат;

— мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо боюнча ишине мониторинг жүргүзүү;

—  мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча кызматкерлердин, жеке жана юридикалык жактардын арыздарын жана даттанууларын карайт;-  мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга карата кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө, ошондой эле мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышы боюнча текшерүүлөрдү жүргүзүүдө ведомстволор аралык жумушчу топтордун жана комиссиялардын ишине катышат;-  Агенттиктин кызматтык иликтөөлөрүнө катышат;-  мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды камсыз кылуу жана сактоо бөлүгүндө соттордо өкүлчүлүк кылат;-  мамлекеттик кызмат чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча жумушчу топторго катышат;         —   “коомдук кабылдаманын” жана “ишеним телефонунун” ишин камсыз кылат;         —   мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жарандарга мамлекеттик кадр саясаты, мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат, жергиликтүү өз алдынча башкаруу институтунун иштеши маселелери боюнча консультациялык, методикалык жана маалыматтык жардам көрсөтөт.

 

    1. Түзүмү

 

    1. Бөлүм мыйзамда белгиленген тартипте Агенттиктин директору тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызматтан бошотулуучу бөлүм башчыдан, башкы адистен, жетектөөчү адистен жана адистен турат.
    2. Бөлүм башчы бөлүмдүн ишине жетекчилик кылат жана Агенттиктин жетекчилиги, башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук уюмдар жана жарандар менен мамилелерде бөлүмдүн атынан чыгат, бөлүмгө жүктөлгөн милдеттердин жана функциялардын аткарылышы, бөлүмдөгү эмгек тартибинин абалы үчүн жеке жоопкерчилик тартат.
    3. Кызматкерлердин ортосунда милдеттерди бөлүштүрүү кызматтык нускамаларга жана ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырылат.
    4. Бөлүмдө иш кагаздары менен иштөө Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускамага жана Агенттиктин Регламентине ылайык жүргүзүлөт.
    5. Бөлүмдүн кызматкерлерин материалдык жактан камсыз кылуу жана социалдык жактан коргоо “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүзөгө ашырылат.

 

    1. Укуктары

 

    1. Бөлүм өзүнө жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:

—     мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын талаптарынын сакталышын контролдоо;

—     мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана башка уюмдардан милдеттерди жана функцияларды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды суроо;

—     мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мыйзамдарды бузуу менен кабыл алынган чечимдерди жокко чыгаруу же өзгөртүү жөнүндө мамлекеттик органдарга сунуш киргизүүгө;

—     Агенттиктин жетекчилиги өткөрүүчү кеңешмелерге, зарыл болгон учурда түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөр тарабынан чакырылган жана уюштурулган кеңешмелерге жана башка иш-чараларга катышуу;

—     Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл жана түзүмдүк бөлүмдөр менен бирдикте Агенттиктин ишинде мыйзамдардын сакталышын камсыз кылууга багытталган иштерди жүргүзөт;

—     Агенттиктин кызмат адамдарынан бөлүмдүн милдеттерин ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди, маалыматтарды, маалымкаттарды, эсептөөлөрдү жана башка маалыматтарды белгиленген тартипте суроого жана алууга;

—     мыйзам бузууларды четтетүү, мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамдардын жана Агенттиктин Регламентинин аткарылышын камсыз кылбаган же бузган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин жана башка кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу боюнча Агенттиктин жетекчилигине сунуштарды киргизүүгө;

—      жарандарды кабыл алат, өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды карайт, алар боюнча зарыл чараларды көрөт.

 

    1. Жоопкерчилиги

 

    1. Бөлүмдүн кызматкери мыйзамга ылайык тартиптик, административдик, материалдык жана жазык жоопкерчилигин тартат.
    2. Өз милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн бөлүмдүн кызматкерлери мыйзамга ылайык тартиптик жазага тартылышы мүмкүн.
    3. Бөлүмдүн кызматкеринин келтирилген зыян үчүн жоопкерчилиги анын күнөөлүү укукка каршы жүрүм-турумунун (аракетинин же аракетсиздигинин) натыйжасында келип чыгат.
    4. Тартиптик жазаларды, администрациялык, материалдык жана жазык жоопкерчилигин колдонуунун жана даттануунун тартиби мыйзам менен белгиленет.
    5. Бөлүмдүн кызматкери аткарууга алган буйруктун мыйзамдуулугунан күмөн санаган учурда бул жөнүндө өзүнүн түздөн-түз жетекчисине, буйрук чыгарган жетекчиге жана жогору турган жетекчиге жазуу жүзүндө токтоосуз билдирүүгө милдеттүү. Эгерде жогору турган жетекчи, ал эми ал жок болгон учурда буйрук чыгарган жетекчи көрсөтүлгөн буйрукту жазуу жүзүндө ырастаса, мамлекеттик кызматчы аны аткарууда администрациялык же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылуучу болуп саналгандан башка учурларда, аны аткарууга милдеттүү.
    6. Бөлүмдүн кызматкери тарабынан мыйзамсыз буйруктун аткарылышы үчүн жоопкерчилик бул буйрукту ырастаган жетекчиге жүктөлөт.
    7. Бөлүмдүн кызматкерине иш убактысында партиялык иштерге катышууга тыюу салынат.
    8. Бөлүмдүн кызматкери жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузууга алып келген аракеттери же аракетсиздиги үчүн мыйзамда каралган жоопкерчилик тартат.
    9. Бөлүмдүн кызматкери төмөнкүлөргө жооптуу:

—     алардын ишинин натыйжалары жана натыйжалуулугу;

—     функционалдык милдеттерин аткарбоо;

—     Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин этика Кодексин бузуу.