Ноокат районунун Көк-Бел айыл өкмөтүнүн төмөндөгү бош кызмат ордуна

КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ!

 

Көк-Бел айыл өкмөтүнө төмөндөгү 2 бош кызмат ордуна конкурс жарыялайт.

1.Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы, У-А тайпасына-1 орун

2.Маалымат компьютердик технологиялар адис, К-Б тайпасына-1 орун

Конкурстун катышуучуларына коюлуучу талаптар:

  1. Финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы, У-А тайпасына-1 орун
  2. 1) кесиптик билимдин деңгээли:

— тийиштүү багыттагы жогорку билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү;

— билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана

практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык

продуктуларды колдоно билүү.

  1. Маалымат компьютердик технологиялар адис, К-Б тайпасына-1 орун

1) кесиптик билимдин деңгээли:

— мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн — тийиштүү багыттагы жогорку билим;

— муниципалдык кызматчылар үчүн — тийиштүү багыттагы жогорку кесиптик билим же тийиштүү багыттагы орто кесиптик билим;

2) иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

3) кесиптик компетенттүүлүгү:

— төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды;

кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди;

— билгичтиги:

жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;

командада иштөө;

— көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык

продуктуларды колдоно билүү.

Сынака катышуу үчүн талап кылынуучу иш кагаздар:

1.Конкурстук комиссиясынын атына жазылган арыз;

2.Өздүк каттоо баракчасы;

3.Диплом көчүрмөсү (нотариус жактан күбөлүндүрүлүш кк)

4.Эмгек китепчесинин көчүрмөсү(нотариус жактан күбөлүндүрүлүш кк)

5.Паспорттун көчүрмөсү, 3*4 өлчөмүндө 4 дааны сүрөт;

6.Резюме;

7.Өмүр баян (соттуулугу жок экендиги жөнүндө маалымдайт)

Конкурска катышуучулардын документтери гезитке чыккан күндөн баштап 10

жумушчу күн ичинде Көк-Бел айыл өкмөтүнүн Жооптуу катчысы М.Жумаева кабыл

алат.

Сурап билүү телефону:0220-87-53-70 кайрылсаңыздар болот.