1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим — Финансылык экономикалык багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика багыттары боюнча.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө”;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама”

 

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
  • Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

— Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

 

                    Конкурска катышуу үчүчн талап кылынуучу документтер:

1.Өздүк арыз

2.Өздүк баракча – 1 даана

3.3Х4 өлчөмүндөгү сүрөт -4 даана

4.Эмгек китепчесинен көчүрмөсү (нотариалдык жактан жактан тастыкталган)

5.Паспорттун көчүрмөсү

6.Резюме

7.Дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан жактан тастыкталган)

8.Өмүр баян (соттолгондугун же соттолбогондугун көрсөтүү менен)

Талапкер тиешелүү документтерди Ой-Тал айыл өкмөтүнө жарыя чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күндүн ичинде кабыл алат.

 

Дареги: Кара-Кулжа району Ой-Тал айыл өкмөтү, Ой-Тал айылы.

Байланыш телефону: 0559-232-522,0776-507-468