Улук административдик кызмат ордуна

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Гуманитардык, Ветеринардык, Финансылык экономикалык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– жогорку билим;

– жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш-кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” №120 токтому;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”Конституциялык мыйзамы;
  • “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”
  • “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

— Билгичтиги:

маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;

аналитикалык документтерди даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

 

Кенже административдик кызмат ордуна

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Айыл чарба, Гуманитардык, Ветеринардык, Финансылык экономикалык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

– иш стажына талаптар коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” №120 токтому;

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:

  • “Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө”Конституциялык мыйзамы;
  • “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”
  • “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
  • “Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамдары;
  • Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
  • Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”
  • “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамдары;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

— Билгичтиги:

Жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

Документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;

кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;

мамлекеттик жана/же расмий тилдерди иштиктүү кат алышуу;

кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;

иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— Көндүмдөрү:

ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;

ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;

башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;

компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Тийиштүү документтер:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен),

-өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү.

Документтер жарыя чыккан күндөн баштап 2 жуманын ичинде төмөнкү даректе кабыл алынат.

 

Адреси: Кара-Суу шаары, Ж.Аматов көчөсү 2, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын имараты, 3-кабат.

Телефондор: (03232) 5-19-65,  0558 28-45-45