КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭКОЛОГИЯЛЫК МОНИТОРИНГ ДЕПАРТАМЕНТИ
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти мамлекеттик жарандык кызматтын административдик кызмат орундарынын улук тобунун кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт .
Кадрлар резервине кирүү үчүн талапкерлер төмөнкү жалпы талаптарга жооп бериши керек:
– Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
– 21 жаштан төмөн эмес болууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген деңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий (орус) тилди билүүгө.
Административдик мамлекеттик кызмат орундарынын улук тобу:
Ош-Баткен регионалдык аймактык секторунун башчысы кызмат орду (жумуш орду: Ош шаары) үчүн квалификациялык талаптар:
1. Кесиптик билимдин деңгээли жана багыты:
Төмөнкү багыттар боюнча жогорку кесиптик билим:
-Химия, геохимия, биохимия, биология, география, гидрометеорология, кыртыштаануу (почвоведение), биоэкология, экология жана табиятты колдонуу (природопользование), токой иши, техносфералык коопсуздук, табиятты жайгаштыруу жана сууну колдонуу (природообустройство и водопользование);
-Инженердик-техникалык адистиктер;
-Агрономия, агрохимия жана агрокыртыштаануу (агропочвоведение)
2. Иш стажы жана тажрыйбасы:
-Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы иш стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес, же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.
3. Кесиптик компетенттүүлүгү (Билүүсү зарыл):
Компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө, маалыматтарды издөө, алмашуу жана сактоо (Интернет, электрондук почта ж.б.):
-Электрондук каттарды кабыл алуу жана жөнөтүү;
-Издөө тутумдарын натыйжалуу колдоно билүү;
-Ар кандай браузерлер менен иштей билүү;
-Кызматтык этиканын ченемдерин сактоо менен социалдык тармактарда сыпайы өз ара аракеттенүү .
Башкаруучулук жана аналитикалык көндүмдөр:
– Ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
– Маселелерди чечүүдө талдоо, прогноздоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, көзөмөлдөө жана интеграциялоо ыкмаларын колдоно билүү;
– Маалыматтарды чогултуу, талдоо, тутумдаштыруу жана жалпылоо;
– Тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет элдик тажрыйбаны талдоо жана аны иш жүзүндө колдоно билүү.
– Лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү;
– Изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде отчетторду түзүү жана корутундуларды жазуу;
– Курчап турган чөйрөнүн мониторингин жүргүзүү боюнча иштерди уюштуруу;
– Лабораториялык жабдуулар менен иштөө жана аларга техникалык кызмат көрсөтүү (тейлөө)
4. Милдеттүү түрдө билүүсү зарыл болгон мыйзамдар:
Жалпы мыйзамдар:
1.Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
2.«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
3.«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
4.«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
5.«Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
6.«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
7.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама (p. Предметтик (тармактык) мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары: «Укуктук чөйрөнү коргоо жөнүндө» (Об охране окружающей среды), «Калктын радиациялык коопсуздугу жөнүндө», «Суу жөнүндө», «Жер казынасы жөнүндө», «Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө»;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 338 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык мониторинг департаменти жөнүндө жобо;
– Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы № 171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси.
Конкурска катышуу үчүн документтерди тапшыруу тартиби:
Сынакка катышууну каалаган адамдар «e-Kyzmat» мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу электрондук форматта өтүнмө берет. Өтүнмө ээси Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте өзүнүн жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун тутумда тастыктайт.
Өтүнмөгө электрондук форматта (сканерленген түрдө PDF форматында) төмөнкү документтер тиркелет:
– Жогорку кесиптик билими бар экендигин тастыктаган документ (негизги жана кошумча эгерде бар болсо), анын ичинде тиркемелери (баалары жазылган баракчасы) менен;
– Эмгек китепчеси (бардык толтурулган барактары жана кошумча баракчалары менен);
– Илимий даража же илимий наамы бар экендиги жөнүндө документ (эгерде бар болсо);
– Квалификацияны жогорулатуу жөнүндө сертификаттар/документтер (эгерде бар болсо)

Арыздарды жана документтерди кабыл алуу мөөнөтү:2026-жылдын 6-июлунан тартып 15-июлуна чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн телефон: (0312) 54-61-27

 

wpChatIcon
wpChatIcon