Ош облусунун Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтү улук административдик муниципалдык кызмат орунун ээлөөгө кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт Айыл өкмөтүнүн социадык-экономикалык бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптар (У-А) 1) Кесиптик билимдин деңгээли: тийиштүү багыттагы жогорку билим: (Финансылык, экономика жана башкаруу). 2) Иш стажы жана тажрыйбасы: жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы. 3) Кесиптик компетенциялары: төмөнкүлөрдү билүү: Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдары: Кыргыз Республикасынын Конституциясы; «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө » Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Мыйзамы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”; Кыргыз Республикасынын “Салык Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кодекси”; Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамы. кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүү. • билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; аналитикалык документтерди даярдоо; тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына көнүү. • көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. Сынакка катышуу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси: – конкурска катышуу жөнүндө жеке арыз; – жеке баракча (кадрларды эсепке алуу боюнча); – өмүр баян (резюме); – паспорттун көчүрмөсү; – жогорку билими тууралуу дипломдун нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү (же мыйзамда белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү); – эмгек китепчесинин көчүрмөсү (же иш стажын тастыктаган башка документ); – сүрөт (3×4 өлчөмүндө – 2 даана); – соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (зарыл болгон учурда); – аскердик билеттин көчүрмөсү (аскердик милдеттүүлөр үчүн); – кошумча квалификациясын ырастоочу сертификаттар (бар болсо). Документтер, жарыянын тексти Агенттиктин расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып, 10 жумушчу күндүн ичинде Ош облусу, Кара-Суу району, Папан айылы, М. Абдурасулов көчөсү – 7 дареги боюнча Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн имаратында кабыл алынат. Байланыш үчүн тел.: 0553020747, 0501003777. Жазуулар боюнча багыттоо КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖАРАТЫЛЫШ РЕСУРСТАРЫ, ЭКОЛОГИЯ ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КӨЗӨМӨЛ МИНИСТРЛИГИНЕ КАРАШТУУ ЭКОЛОГИЯЛЫК МОНИТОРИНГ ДЕПАРТАМЕНТИ