Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү жетектөөчү адис оруну үчүн ачык конкурс жарыялайт: Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адисине -1 бирдик (М-Б) коюлуучу квалификациялык талаптар: 1.1 Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адисине төмөнкүдөй квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин денгээли: — педагогикалык багыттагы жогорку билим 2) иш стажы жана тажрыйбасы: Иш стажы талаптар коюлбайт. 3) кесиптик компетенттүүлүгү: — төмөнкүлөрдү билүү: -Билим берүү тармагына тиешелүү бардык мыйзамдарды билүүсү; Кыргыз Республикасынын Конституциясы; — Кыргыз Республикасынын “ Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Мыйзамы; — Кыргыз Республикасынын 2020-жылдын 3-мартындагы №120 “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” токтому; — Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Эмгек Кодексин; — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик тил жөнүндө” Мыйзамын; — Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Иш-сапар чыгымдардын нормаларын белгилөө жана тартип менен ордун толтуруу жөнүндө” токтомун 26.08.2008-ж. №471; — билгичтиги: маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо, аналитикалык документтерди даярдоо; кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; эмгектин жаңы шарттарына адаптациялашуу; — көндүмдөрү: ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; ишти пландоо жана жумуш убактысын туура бөлүштүрүү; башкаруучулук чечимдерди ыкчам ишке ашыруу; компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктыларды колдоно билүү. 1.2 Документтерди кабыл алуу Конкурс жарыялангандан баштап 10 (он) күн жумуш күнү ичинде кабыл алынат Дареги: Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү Таш-Көмүр шаары, Ш.Сыдыков көчөсү -22 Байланыш телефондору : 0374550207,0374550203 Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү Жазуулар боюнча багыттоо Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникацияларминистрлигине караштуу Жерде жүрүү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматтын Жалал-Абад шаардык ветеринардык башкармалыгы