УКР катарынан жаңы дайындоолор Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 2020-жылдын 29-июнунда мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча Кеңештин сунушу менен мамлекеттик башкаруунун административдик кызмат орундарына бир катар дайындоолор жөнүндө Өкмөттүн бир катар токтомдоруна кол койду. Ага ылайык: – Бопушева Жылдыз Жоробековна– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентигинин статс-катчылыгына; – Бахавидинов Эрмек Ибрагимович – Кыргыз Республикасынын Айыл-чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин статс-катчылыгына; – Бакаев Азат Джумгалбекович – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин статс-катчылыгына; Кийизбаева Жазгуль Ильичевна– Кыргыз РеспубликасынынӨкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агентигинин статс-катчылыгына дайындалышты. Жогоруда дайындалгандар буга чейин Улуттук кадрлар резервинин курамында болушкан. Маалымат катары: Кадрлардын улуттук резерви башкы жана жогорку административдик кызмат орундарына талапкерлерден турат. Кадрлардын улуттук резерви төмөнкү талапкерлердин арасында конкурстарды өткөрүү аркылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт: 1) кызматтык жогорулоого талапкер кызматчылардын; 2) баалоонун натыйжалары боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин сунушу боюнча кызматчылардын; 3) квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын башка жарандарынын. Жазуулар боюнча багыттоо “Биринчи радионун” түз обосунда мамлекеттик кызматты жакшыртууга багытталган чаралар боюнча тегерек үстөл өткөрүлдү Статс-катчылар Клубу тарабынан Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Кыргыз курортология жана калыбына келтирип дарылоо илим-изилдөө институтуна жардам иретинде кислороддук концентратор жана пульсоксиметр берилди