Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдагы ишинин жыйынтыктары боюнча отуруму КР Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын жыйындар залында өткөрүлдү.
Кудайберген Базарбаев жыйынды ачып сөз сүйлөп, андан аркы жүрүшүнө ийгилик каалады. Андан соң, Агенттиктин -жылы аткарган ишинин жыйынтыктары тууралуу Агенттиктин директорунун орун басары М. Саргазаков Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М. Омурзаковдор баяндама жасашты.
Иш чаранын алкагында, Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын айрым маселелери тууралуу талкуу болду.
Жыйынга, КР Президентинин Администрациясынын КР Президентинин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары — Уюштуруу иштери жана аймактар менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы У.Ш. Айтбаев, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн башчысы М.С. Акматов, Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат бөлүмүнүн эксперти Т.Э. Шамбетов жана Агенттиктин кызматкерлери, Мамлекеттик башкаруу академиясынын жетекчилиги катышышты.
Айта кетсек, Агенттик тарабынан Түп району жана Нарын облусундагы административдик-аймактык реформанын ишке ашышы, “Санарип аймак” маалымат тутуму ж.б. иштери боюнча өткөн жылы бир топ алгылыктуу иштер аткарылган.