Кудайберген Базарбаев Ага Хан уюмунун Кыргыз Республикасындагы Өнүктүрүү боюнча өкүлчүлүгүнүн башчысы Доктор Баркат Фазал мырза менен жолугушту

Иш чарада, тараптар Башкаруу Академиясы менен БАУ университети биргелешип мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жаатында кызматашуу тууралуу сүйлөшүштү.

Жаңы долбоор түзүү менен, анын алкагында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын күчөтүү, заман талабына жооп бере турган усулда жаңы багыттарда окуттуу керектиги айтылды.

Кудайберген  Базарбаев жолугушуунун маанилүүлүгүн айтуу менен Ага Хан уюмунун өлкөдө жакшы  имиджге ээ болгондугу, билим берүү чөйрөсүндө ишенимдүү жана компетенттүү өнөктөш катары бекем кадыр-баркка ээ экендигин баса белгиледи. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясынын базасында өтүп жаткан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча мамлекеттик тапшырык жөнүндө айтып өттү.

Өз кезегинде доктор Баркат Фазал мырза,  2022-жылда Агенттик менен АКДН ортосунда «Нарын шаарынын туруктуулугун бекемдөө» программасын ишке ашыруу үчүн кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлган. Бул долбоордун негизинде Борбордук Азия Университетинин (БАУ) өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын квалификациясын жогорулатуу үчүн «Шаарды өнүктүрүүнүн туруктуулугу боюнча сертификациялык программаны» иштеп чыгышканын кошумчалады.

Кудайберген Базарбаев жолугушууну жыйынтыктап жатып, Нарын шаарындагы мамлекеттик, муниципалдык кызматикерлерди эле эмес бүткүл республика боюнча кызматкерлерди окутуу керектигин, белгиленген пландарды ишке ашыруу боюнча жемиштүү жана конструктивдүү кызматташууну улантууга ыраазычылыгын билдирди.