Агенттикте үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун алдын алуу жаатындагы милдеттердин жана чаралардын аткарылышын баалоо жана көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү кеңештердин депутаттары үчүн атайын усулдук колдонмо тууралуу жыйын өткөрүлдү.
Усулдук колдонмо Агенттиктин 2023-жылдын 15-июнундагы № 176-буйругу менен бекитилип, бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына колдонууга сунушталган.
Жогоруда аталган иш-чарага Агенттиктин кызматкерлери, ЖӨБ Союзу, эксперттер, ЖӨБ органдары, USAIDдин “Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун өкүлдөрү катышты.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары (айыл өкмөт, мэрия) үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чаралардын пландарын иштеп чыгып, ишке ашырып, бир топ иштерди жүргүзөт. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдары (жергиликтүү кеңештер) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо боюнча программалардын алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча иш-чаралардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Ошондуктан бул усулдук колдонмо үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларды көзөмөлдөөдө жергиликтүү кеңештин депутаттарына көмөк көрсөтүү максатында иштелип чыккан.
Колдонмодо жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын баалоо жана контролдоо боюнча ишине эки этаптуу ыкма колдонулат. Биринчи этабында жергиликтүү (шаардык, айылдык) кеңештин депутаты (депутаттар тобу) жергиликтүү маанидеги программалык документтерде үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча милдеттердин жана чаралардын бар болгонуна баа беришет, ошондой эле алардын аткарылышы боюнча кырдаалды баалашат. Баалоонун жыйынтыгы боюнча аткаруу мөөнөттөрүн жана жооптуу кызматкерлерди көрсөтүү менен ишти жөнгө салуу максатында сунуштамалар берилет. Экинчи этабында баалоонун 1-этабында ЖӨБ органдарына берилген сунуштамалардын аткарылышы көзөмөлдөнөт.
Ошондой эле, ишке ашырылып жаткан чаралардын туруктуулугу жана бардык кызыкдар тараптарды үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү процессине жигердүү тартуу үчүн бул документ бардык муниципалитеттерге баалуу усулдук колдоо катары сунушталат.