Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк кампаниясы 25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрда Адам укуктарын коргоо эл аралык күнүндө аяктаган жыл сайын кайталанган эл аралык демилге. Жыл сайын кампаниянын темасы өзгөрүп турат, быйылкы тема “Биригели! Аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун алдын алууга колдоо көрсөтөлү”-деп аталган. Кампания баардык тармактардагы кызыкдар тараптарды, анын ичинде Өкмөттү, жарандык коом уюмдарын, эл аралык уюмдарын, жеке секторду, эл аралык каржы институттарын бириктирип, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу үчүн биргелешип иш алып барууга багытталган.
Жогоруда аталган иш-чарага КР Жогорку Кеңешинин вице-спикери, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, БУУнун өкүлдөрү, министрликтер жана башка уюмдардын өкүлдөрү катышты