Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев  2023-жылдын 22-ноябрында өткөн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында жогоруда аталган мыйзам долбоору боюнча баяндама жасады. Мыйзам долбоорунда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкердерди Япониянын JDS программасы боюнча окутуунун жол-жоболору каралган. Мыйзам долбоору 3-окууда каралып, депутаттар тарабынан колдоого алынды.

“Кадрларды даярдоо үчүн стипендияларды берүү” долбоору (JDS) Япония Өкмөтүнүн өнүгүүгө расмий жардам берүү  программасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун негизинде 2004-жылдан бери жүзөгө ашырылып келүүдө.

2018-жылдан тарта JDS долбоорунун алкагында доктордук программа (PhD) мурда Япониянын университеттеринин биринен магистр даражасын алган, 50 жашка чейинки мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар үчүн башталган.

JDS программасы боюнча бөлүнгөн стипендиянын өлчөмү стипендиаттардын окуу акысын, жашаган жерин жана башка чыгымдарын төлөөгө эсептелген жана алардын финансылык муктаждыктарын толугу менен жабат. Окууну аяктагандан кийин магистр даражасы ыйгарылат. Магистратурада окуу англис тилинде жүргүзүлөт жана эки жылга созулат.

Ар бир стипендиат окуусун аяктагандан кийин Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө жана мамлекеттик же муниципалдык кызматта 3 жылдан кем эмес иштөөгө милдеттүү.

Окууга жиберүүнүн алдында стипендиатты жиберген мамлекеттик/муниципалдык органдын, стипендиаттын өзү менен Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин ортосунда өз ара милдеттенмелер жөнүндө үч тараптуу келишим түзүлөт. Кыргызстандын JDS долбоору башталгандан тартып (2006-жылдан 2022-жылга чейин) долбоордун алкагында окууга Японияга жалпы 17 группадан 287 стипендиат жөнөтүлгөн жана ошондой эле  16 жана 17-топтогу стипендиаттар билим алууда.