Агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев Жалал-Абад, Талас, Ысыккөл, Нарын облустарындагы жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына чукул онлайн жыйын курду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары –Байдылдаев Мурат Курманбекович Кыргыз Республикасынын Президетинин Жалал-Абад, Талас, Ысыккөл, Нарын облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаар мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчыларына чукул онлайн жыйын курду. Агенттик тарабынан уюштурулган чукул онлайн жыйында Мурат Байдылдаев аймактарда “Санарип аймак” маалыматтык автоматташтырылган тутумуна каттоону ыкчам уюштурууну колго алуу менен кечиктирилгис чараларды көрүү зарылдыгын айтып, тез аранын ичинде ишке ашыруулары керектигин билдирди. Ошондой эле, онлайн жыйынга Агенттиктин башкармалыктарынын, бөлүмдөрдүн башчылары, тийешелүү кызматкерлери катышты. Өз кезегинде, аймактык активдер “Санарип аймак” маалымат тутумуна киргизүүдөгү көрсөткүчтөрдү жакшыртуу менен күн сайын маалымат берип турууга, ишти аягына чыгаруу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрүн жумшашаарын айтышты. Бүгүн түшкө чейинки алынган маалымат боюнча “Санарип аймак” маалымат тутумуна каттоонун жүрүшү Жалал-Абад облусу 82 % Талас облусу 77%, Ысык-Көл облусу 74%, Нарын облусу 76 % көрсөткүчкө жетишкен. Жалпы республика боюнча алып карасак көрсөткүч 76.50% түзүүдө. Кошумчалай кетсек, пайыздык көрсөткүчтөр күн, саат сайын жаңыланып турарын эскертебиз. Жазуулар боюнча багыттоо Агенттик тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору экинчи окууда жактырылды Агенттиктин кызматкери “Бирдиктүү ден-соолук” аталыштагы семинарга катышууда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну координациялоо жана колдоо бөлүмүнүн башкы адиси Саттаров Нурсултан Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Бостери айылында 2023-жылдын 9-октябрынан 12-октябрына чейин 3-күндүк Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан “Бирдиктүү ден-соолук” механизмдерин иштеп чыгуу боюнча өтүп жаткан семинарга катышууда. Иш чаранын максаты өлкөдө чыгып жаткан баардык оорууларды акумулировать этип оорулардын жер-жерлерде жашап жаткан калкка массалык түрдө жугуп кетүүсүнүн алдын алуу болуп саналат. Агенттиктин семинарга катышуудагы негизги жана аткаруучу милдети жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары эпидемиологиялык ооруларды өзүнүн аймагындагы калкка жайылып кетпөөсүнүн алдын алууга, жергиликтүү жамаатарга көмөк көрсөтүүсүн күчөтүүнү көзөмөлгө алуу. Бирдиктүү механизмди иштеп чыгуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын эксперттери, КР Финансы, Саламаттыкты сактоо, Айыл чарба, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринен жана ведомстволордон кызматкерлер катышууда.