Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Баткен, Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын жана Ош шаарынын айрым калктуу конуштарын айыл категориясына киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде 2- окууда каралып, колдоого алынды.

Бул Мыйзам долбоору менен 4 облустун жана Ош шаарынын 13 калктуу конуштары айыл категориясына киргизүү сунушталат. Алар:

Баткен облусунан:

— Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Момунов калктуу конушу,

— Кадамжай районунун Кадамжай шаарынын Жаңы-Жер жана Жийделик калктуу конуштары;

— Кадамжай районунун Исхак-Полотхан айыл аймагынын Келечек калктуу конушу.

Ош шаарынан:

— Ош шаарынын Качыбек, Мээркан жана Татар калктуу конуштары.

Ош облусунан:

— Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айыл аймагынын Кайрагач калктуу конушу;

— Кара-Суу районунун Мады айыл аймагынын Достук жана Кызыл-Тал калктуу конуштары;

— Ноокат районунун Токтомат Зулпуев айыл аймагынын Калдай калктуу конушу;

 

Чүй облусунан:

— Сокулук районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Исмаил калктуу конушу.

Ысык-Көл облусунан:

— Түп районунун Сары-Булак айыл аймагынын Келечек калктуу конушу.

Аталган калктуу конуштарда калк жайгашып, отурукташып калган, тиешелүү денгээлде ыңгайлуулуктарга жетишкен, бирок расмий түрдө айыл макамы ыйгарылган эмес.

Калктуу конуштарды айыл категориясына киргизүү тиешелүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн инвестицияларды тартууга, ар кандай долбоорлор менен кызматташууга, жергиликтүү маанидеги маселелерди жоопкерчилик менен чечүүгө жана өз алдынча өнүгүүгө түрткү болот.

Ошондой эле калктуу конуштун жашоочулары ушул айылга катоого турганга дагы мүнкүнчүлүк түзүлөт.