Кудайберген Базарбаев Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун жетекчисин кызматкерлери менен кабыл алды

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев Швейцария өкмөтү каржылаган жана Хельветас жана Өнүктүрүү саясат институту аткарган «Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоорунун жетекчиси Асель Мамбетова менен кызматкерлерин кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар муниципалдык кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга көмөктөшүү маселелери боюнча кызматташуунун жетишилген натыйжаларын, ошондой эле республикада жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө багытталган мындан аркы иш-аракеттерди жана пландарды талкуулашты.

Агенттиктин директору Кудайберген Базарбаев жолугушуунун катышуучуларына көп жылдык жемиштүү кызматташтыгы үчүн ыраазычылык билдирди жана калкка муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча мындан аркы чаралардын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Асел Мамбетова өз кезегинде жолугушууну уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, «жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу» долбоору 10 жылдык демилге экендигин кыскача айтып берди. Долбоордун негизги максаты жергиликтүү деңгээлде системалык өзгөрүүлөрдү киргизүү жолу менен муниципалитеттер тарабынан өз калкына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга салым кошуу болуп саналаарын айтып өттү.

Агенттик менен долбоордун кызматташуусунун алкагында жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүгө, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун стратегиясын иштеп чыгууга байланышкан укук ченемдик актыларды иштеп чыгуу боюнча иштер аткарылган. 2019-жылдан тартып Агенттик, Долбоор, ЖӨБ союзу жана Өнүктүрүү саясат институту менен өнөктөштүктө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мыкты тажрыйбаларынын порталын ишке киргизгендиги белгиленди.                                                                                                                                                              2020-жылы долбоор жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кодекстин долбоорун иштеп чыгууга катышкан. Үстүбүздөгү жылы Агенттикти аталган долбоор Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн 2024-2028-жылдарга карата программасын иштеп чыгууда, ошондой эле «Санарип аймак» автоматташтырылган маалымат тутумун «Муниципалдык мүлктүн бирдиктүү реестри» кошумча модулун иштеп чыгууда колдоого алып келет.