Кудайберген Базарбаев жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларына чукул онлайн жыйын өткөздү
Чукул жыйында Кудайберген Базарбаев жергиликтүү бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчыларынан “Санарип аймак” маалыматтык автоматташтырылган тутумуна каттоону ыкчам уюштурууну колго алуу менен кечиктирилгис чараларды көрүү зарылдыгын билдирип, тез аранын ичинде 100 пайыз ишке ашырууларын өтүндү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Базарбаев Кудайберген Базарбаевич, Агенттик тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын Президетинин Чүй, Ош, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүлүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаар мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары катышкан чукул онлайн жыйынды алып барды.
Ошондой эле, онлайн жыйынга Агенттиктин директорунун орун басары М.К. Байдылдаев, башкармалыктын, бөлүмдөрдүн башчылары, тийешелүү кызматкерлер катышты.
Өз кезегинде, аймактык активдер “Санарип аймак” маалымат тутумуна киргизүүдөгү көрсөткүчтөрдү жогорулатуу менен күн сайын маалымат берип турууга, жакынкы арада ишти аягына чыгарууга убада беришти.
Жыйындын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мэриясынын аппаратынын жетекчиси А. Садырбаев “Санарип аймак” маалымат тутумуна катоо жараяны 72 пайызга, Чүй облусунун Чүй районун акими А. Аттокуров 85 пайызга Москва району 91 пайызга иш аткарылганын билдирүү менен мындан ары ыкчам аракетке өтүшөөрүн айтышты.
Ал эми, азыркы убакытта чейин Ош облусу боюнча 78 пайыз болсо, Ош шаары 52 пайыз, баткен облусу 71 пайыз көрсөткүч бере алышкан.
Бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча “Санарип аймак” маалымат тутумуна катоо боюнча көрсөткүч 76.34 пайызды түзүүдө.