Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө “Король Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралды

 

Жогорку Кеңештин жыйынында Агенттик тарабынан иштелип чыгып Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 28-октябрындагы № 360 жана  2023-жылдын 30-январындагы № 14 Жарлыктарын ишке ашыруу максатында “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” жана “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө “Король Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлору иштелип чыгып, Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Борду дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак тоо кыркасынын түндүк-батыш капталында жайгашкан № 354 аты жок мөңгүгө “Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

 

Бул мыйзам долбоорлору белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде 3 окууда каралып, жактырылган. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин пленардык жыйынында 2023-жылдын 5-октябрында 3-окууда каралып, жактырылды.

 

Шейх Заед бин Султан Аль Нахайян жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү тарыхый инсаны, БАЭнин негиздөөчүсү жана биринчи президенти, ал жети эмиратты бир бүтүнгө бириктирүүдө жана БАЭнин болуп көрбөгөндөй өнүккөн мамлекетин түзүүдө маанилүү роль ойногон.

 

Андан сырткары, “Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Сары-Чат дарыясынын бассейнинде, Ак-Шыйрак массивинде жайгашкан № 331 аты жок мөңгүгө “Король Абдулазиз” географиялык аталышын ыйгаруу жөнүндөгү” мыйзам долбоору да үчүнчү окууда жактырылды.