К.Б. Базарбаев Ага Хан фондунун Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана ЖӨБ иштери боюнча мамлекеттик агенттик менен Ага-Хан фондунун кызматташтыгынын алкагында жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга агенттиктин директору К.Б. Базарбаев жана Ага Хан фондунун Баркат Фазал Мырза баш болгон жогорку даражалуу өкүлдөрү катышты.

Кудайберген Базарбаев Баркат Фазал мырзага ыраазычылык билдирип, Ага Хан Фонду менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал уюмдун биргелешкен иши буга чейин ар кандай тармактарда олуттуу натыйжаларга алып келгенин белгилеп, мындан да олуттуу таасир этүү үчүн аракеттерди улантуу зарылдыгын билдирди.

Баркат Фазал мырза ошондой эле Агенттик менен болгон мамилесине ыраазычылыгын жана канааттануусун билдирип, жалпы максаттарга жетүү үчүн өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Ага-Хан Фонду өнөктөштүктү мындан ары өнүктүрүүгө даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө ишке ашырылган долбоорлор боюнча жыйынтыктар чыгарылды, ошондой эле эки тарап тең мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин потенциалын жогорулатуу багытында инновациялык долбоорлордун үстүндө иштөө ниетин билдиришти жана татаал көйгөйлөрдү жеңүүгө жана бул багыттагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.