Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасындагы JICA кеңсесинин башчысын кабыл алды

Кудайберген Базарбаевдин Агенттиктин директору кызматына дайындалышына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттикке Кыргыз Республикасындагы JICA кеңсесинин башчысы Кавамото Хироюки мырзанын сылыктык сапары болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ишке ашырылып жаткан долбоорлор, ошондой эле эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча мындан аркы кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алышты.

Директор Кыргызстандагы JICA Жапон агенттигинин ишмердүүлүгүн жогору белгилеп, анын жетекчилигине мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө адам ресурстарын өнүктүрүүгө байланыштуу долбоорлорду илгерилетүүдө көрсөткөн колдоосу жана аракеттери үчүн ыраазычылык билдирди. Кыргыз тараптын кадрларды даярдоо жаатында JICA менен кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө кызыкдарлыгы баса белгиленди.

JICA өкүлдөрү Агенттик менен биргеликте ишке ашырылып жаткан багыттар жана жүргүзүлүп жаткан колдоо боюнча ишти улантуу ниетин билдиришти.