Адеми Абдыкулова: Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигинде мониторинг жүргүзүлдү…

Кыргыз   Республикасынын   Энергетика   министрлигинин ишмердүүлүгү  Кыргыз   Республикасынын     Министрлер    Кабинетинин 2023-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтому  менен бекитилген жобого жана 2023-жылдын 31-мартында № 01-13/8 буйрук менен бекитилген Регламентке ылайык жүргүзүлөт.

Жогоруда көрсөтүлгөн жобого ылайык Министрликтин 2 ведомство алдындагы түзүмү бар:

— Энергетикалык көзөмөл кызматы;

— Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча Департамент;

Министрликтин структурасы жана штаттык ырааттамасы 2023-жылдын 18-апрелиндеги   № 01-13/104  буйрук  менен  бекитилген.

Министрликтин  штаттык  саны жана мамлекеттик кызматтардын структурасы  Кыргыз  Республикасынын   Министрлер   Кабинетинин          2021-жылдын  15-ноябрындагы   № 264 токтому менен  бекитилген ченемдерге туура келет.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгынын негизинде бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жобонун ченемдерине ылайык 4 ачык конкурс өткөрүлгөн. Конкурстун жыйынтыгында 52 талапкер кадрлар резервине киргизилген. Ошондой эле Улуттук кадрлар резервинен 27 талапкер Министрликтин ички резервине киргизилген.

Кыргыз Республикасынын Президентинин  2022-жылдын                            24-февралындагы ПЖ № 61 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларын жана муниципалдык   кызматчыларын   ротациялоо    тартиби  жөнүндө Жобонун 12-пунктуна ылайык, ротациялоо теңдеш кызмат орундарына же болбосо бир топтогу кызмат орундарынын чегинде жүргүзүлөт. Бирок кызматчыларды ротациялоодо көрсөтүлгөн ченемди бузуу менен жүргүзүлгөн Министрликте 1 факты, Кызматта 1 факты аныкталды.

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 29-декбарындагы № 356 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кызматтык териштирүү жүргүзүүнү уюштуруунун жана жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун ченемдерин бузуу менен 4 кызматчыга тартиптик жаза колдонулган.

Мониторингдин жыйынтыгы боюнча даярдалган маалымкат аныкталган мыйзам бузууларды четтетүү сунуштары менен мыйзамда белгиленген тартипте Министрликке жөнөтүлдү.