Агенттиктин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Б.К. Джээнбаев «Мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун мониторингдөө жана баалоо» боюнча эки күндүк тренингге катышты
Мамлекеттик сектордо ак ниеттүүлүктү жана коррупцияга каршы аракеттенүүнү күчөтүү жана бекемдөө боюнча Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңеши, Азия өнүктүрүү банкынын техникалык жардамынын алкагында мамлекеттик органдардын коррупцияны алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү үчүн “мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруунун натыйжалуулугун мониторингдөө жана баалоо” темасында интенсивдүү тренинг уюштурду.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу АКК катчылыгынын кызматкерлери, министрликтердин жана ведомстволорун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышты. Семинарга Азия Өнүктүрүү Банкынын эл аралык консультанты Светлана Винборн жана улуттук консультант Эркайым Мамбеталиева тренерлик кылышты.
Катышуучуларга уюштуруучулар тарабынан тренингге ийгиликтүү катышкандыгы жана аяктагандыгы жөнүндө сертификаттар тапшырылды.