Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жергиликүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмү USAIDдин « Ийгиликтүү аймак 2” долбоорунун колдоосунда Агенттиктин буйругу менен бекитилген «Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүнө биргелешкен мониторинг жана баалоо жөнүндө» Типтүү жобону практика үстүндө колдонууну талкуулоо үчүн тегерек стол өткөрдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Агенттик колдонуу практикасын талкууга алып чыкты.
Талкууга Агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Ж.М. Омурзаков, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциялары жана ыйгарым укуктары бөлүмүнүн башчысы Т.Э. Мамасалиева, бөлүмдүн кызматкерлери, коомдук уюмдардан мониторинг жана баалоо (МжБ) чөйрөсүндөгү эксперттер, ошондой эле Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Ананьев жана Семеновка айыл аймактарынан келген биргелешкен МжБ топторунун жана Өнүктүрүү саясат институтунун өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Типтүү жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча сунуштар талкууланды.
Талкуунун жыйынтыгы боюнча катышуучулардан келип түшкөн сунуштар мындан ары каралып, документти толуктоо үчүн киргизилет.