Кудайберген Базарбаев мамлекетке жана агенттике эмгеги сиңген инсандарды 1- октябрь Эл аралык улгайган адамдардын күнүнө карата кабыл алуу аземинде куттуктады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору -Базарбаев Кудайберген Базарбаевич 1- октябрь улгайган адамдардын эл аралык даталуу күнүн утурлай мамлекетке жана агенттикке эмгеги сиңген ардагерлерге кабыл алуу аземинде куттуктады.
Эң негизгиси аксакалдардын басып өткөн жолу, кылган эмгеги унутта калбай көңүл бурулуп, керек учурда тажрыйбасын пайдаланып, кезегинде барктуу баасын алып туруусу кажет эмеспи. Мындай нарктуу жөрөлгөнүн башында жетекчи өзү туруп, салт баштаганын “ынтымак бар жерде, ырыс бар”,- дегендей эмгек жамаат дагы колдоого алып отурат. Ар бирибизге дал ушул инсандардай өрнөктүү тагдыр буюрсун дейли.
Жетекчинин кабыл алуу аземине мамлекеттик, коомдук ишмерлер Төлөбек Өмүралиев, Накен Касиев, ардагер мамлекеттик кызматкер Айгүл Ахмедова ж.б. катышты. Жалпысынан кабыл алуу аземи жаркын ары иштиктүү маанайда өттү.