Мониторинг  жана мыйзамдуулукту көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Адеми Абдыкулова: Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында   мониторинг   жүргүзүлдү..

Жалал-Абад облусунун Токтогул райондук мамлекеттик администрациясында Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын ишке ашырууга мониторинг жүргүзүлүп, жыйынтыгында айрым мыйзам бузуулар бар экендиги аныкталды.

Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын кадрлар резервин түзүү жна кызмат орундарына дайындоо Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ № 24 Жарлыгынын негизинде бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө” Жобонун негизинде жүргүзүлүүсү керек.

Аталган органдын башкы, улук жана  кенже кызмат административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн кадрлар резервине киргизүү үчүн 2022-жылдын март айынан баштап 2023-жылдын февраль айына чейин 3 жолу ачык конкурс өткөрүлгөн: Өткөрүлгөн ачык конкурстардын жыйынтыгы боюнча кадрлар резервине жалпысынан 9 талапкер киргизилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун 10, 11 жана 16-пункттарына ылайык мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кадрлар резервине конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тийиштүү акты чыгарылгандан кийин эки жумуш күндүн ичинде бул маалыматты өзүнүн ведомстволук веб-сайтына жайгаштырат жана жарыянын текстин мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын ведомстволук веб-сайтына жайгаштыруу үчүн жиберет. Документтерди кабыл алуу мөөнөтү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат, бирок конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 календарлык күндөн аз болбоого тийиш. Документтерди кабыл алуу мөөнөтүнүн аякташы конкурс өткөрүү жөнүндө жарыянын текстинде көрсөтүлөт.

Бирок Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан кадрлар резервине конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тийиштүү актылар чыгарылган эмес жана жарыялардын текстинде документтерди кабыл алуу күнү качан бүтөөрү көрсөтүлбөй калган.

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 24-беренесин бузуу менен  кызматчыларга кызматтык териштирүү жүргүзбөй жана кызматчылардан жазуу жүзүндө түшүндүрмө алынбай 2022-2023-жылдардын аралыгында 3 кызматчыга карата  тартиптик жаза колдонулган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө Конституциялык Мыйзамдын 18-беренесине ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасы: акимдин сунушу боюнча акимдин биринчи орун басарын (орун басарын) кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот; дайындоо жана бошотуу Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен ишке ашырылуучу кызмат орундарынын номенклатурасына кирген өзү тарабынан дайындалуучу жана бошотулуучу башка адамдарга сыйлоо жана тартиптик жаза чараларын колдонот. Бирок, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин буйругу менен акимдин орун басарларына эскертүү түрүндө тартиптик жаза колдонулган.