Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттикте Корея Республикасынын  KOICA башкы кеңсесинин эксперттер тобу менен жолугушуу өттү

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы М.Ж. Омурзаков профессор Жисунг Тхэ башында турган KOICA делегациясы менен жолугушту.

Тараптар Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү жаатындагы кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле аймактардагы өз ара аракеттешүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

М. Омурзаков белгилегендей, «Менин айылым» (Мое село) долбоорунун алкагындагы пилоттук айылдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу принциптерин бекемдөө боюнча иштер жүргүзүлдү, ошондой эле инфраструктура жакшыртылды, социалдык объектилер оңдолду жана калыбына келтирилди.

Өз кезегинде корей делегациясынын өкүлдөрү мурда ишке ашырылган «Менин айылым» (мое село) долбоорунун мониторингинин жыйынтыктарына канааттангандыгын жана Кыргыз Республикасынын башка райондорунда жемиштүү жана конструктивдүү кызматташууну улантууга кызыкдар экендигин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда М.Ж. Өмүрзаков Корея Республикасына көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылыгын жана жергиликтүү жамааттарды өнүктүрүү чөйрөсүндө мындан ары жемиштүү кызматташуу үмүтүн билдирди.