Агенттик Чоң-Сары-Ой айыл аймагында жалпы республикалык семинар-кеңешме өткөзүүдө
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтүндө “Аймактарды өнүктүрүү–өлкөнү өнүктүрүүнүн негизги багыты” аттуу Жалпы республикалык семинар-кеңешменин өткөрүлүүдө.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан “Эң мыкты айыл өкмөтү” жалпы республикалык сынагынын жыйынтыгы боюнча уюштурулууда. Чоң-Сары-Ой айыл өкмөтү аталган сынактын 2-тобунун жеңүүчүсү болуп тандалып, 1,5 млн өлчөмүндө акча каражат бөлүнгөн.
Семинар-кеңешмеге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Б Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынан А.С. Шамеев, КР Президентинин жети облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрү, райондордун башчыларынын орун басарлары, айыл өкмөттөрдүн башчылары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин кызматкерлери катышууда. Жалпы республикалык семинар-кеңешмеге баардык облустардан 200дөн ашык киши келип катышууда.
Бул республикалык семинар-кеңешме айыл өкмөтүнүн инфраструктурасын жакшыртуу, социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча инвестицияларды тартуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арасында мыкты тажрыйбаны жайылтуу максатында өткөрүлүүдө.