Агенттик тарабынан иштелип чыккан мыйзам долбоору  Жогорку Кеңеште жактырылды

Бүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө” Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралды.

Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосун демилгеленип, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Б. Базарбаев баяндама жасады.

Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында 1-окууда колдоого алынды.

Бул иш аракет, 3 айыл аймактын жана 4 айылдын аталыштарын кайра атоо максатын көздөө менен улуттук идеологияны чыңдоого, өткөн жана азыркы мезгилде кеңири белгилүү болгон аталыштарын кайтарып берүүгө багытталган.

Кайра аталуусу күтүлгөн айыл аймактар жана айылдар:

1) Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагын Молдо Нияз айыл аймагы;

2) Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагын Үч-Коргон айыл аймагы;

3) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылын Тынчтык айылы;

4) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дүкүр айылын Достук айылы;

5) Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Чек айылын Ынтымак айылы;

6) Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы;

7) Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы;

8) Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагынын Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы деп кайра атоо сунушталат.