Агенттиктин директору -Кудайберген Базарбаевдин тапшырмасы менен Агенттиктин кызматкерлери Талас облусунда административдик- аймактык реформалардын алкагында окутуу-семинар өткөрдү
Кудайберген Базарбаевдин буйругунун негизинде Агенттиктин директорунун орун басары М. Саргазаков баштаган кызматкерлердин жумушчу тобу Талас облусунда, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында окутуу-семинарларды уюштурулду.
Семинарлардын жүрүшүндѳ Талас облусунда Кыргыз Республикасынын Президентинин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчилерине, шаар мэрлерине, айыл ѳкмѳт башчыларына, жергиликтүү кеңештердин төрагаларына усулдук жардам кѳрсѳтүлдү.
Белгиленген иш-чараларда пилоттук режимде ирилешкен айыл ѳкмѳттѳрүнүн, шаарларга кошулган айыл аймактары же айрым айылдар, участоктор жана контурларды бириктирүүнүн механизмдери, мүлктүк мамилелер, штаттарды оптималдаштыруу, муниципалдык ишканалардын түзүлүшү, бириккен жергиликтүү кеңештердин иштѳѳ тартиби сыяктуу маселелер талкууланды.
Талас облусунда административдик-аймактык реформага чейин 37 айыл өкмөтү, 1 шаар, 4 район болсо, учурда 16 айыл аймагына бириктирилди. Ал эми 1 шаар, 4 район мурунку калыбында иш алып баруусун улантууда.