Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында административдик- аймактык реформалардын алкагында окутуу-семинар уюштурду
Кудайберген Базарбаевдин буйругунун негизинде Агенттиктин кызматкерлеринен турган атайын жумушчу топтор республиканын аймактарын кыдырып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 370 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформанын алкагында окутуу-семинарларды өткөрүшүүдѳ.
Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында Агенттиктин директорунун орун басары М. Саргазаков, Аппараттын ишин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Н. Жамангулова, Административдик аймактык түзүлүш бөлүмүнүн башчысы В. Алканова, Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Б. Усеналиева жана Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери окутуу, түшүндүрүү ишин жүргүзүштү.
Иш-чарада Ысык-Көл облусундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын аппарат жетекчилерине, шаар мэрлерине, айыл ѳкмѳт башчыларына, жергиликтүү кеңештердин төрагаларына усулдук жардам кѳрсѳтүлдү.
Белгиленген иш-чараларда пилоттук режимде ирилешкен айыл ѳкмѳттѳрүнүн, шаарларга кошулган айыл аймактары же айрым айылдар, участоктор жана контурларды бириктирүүнүн механизмдери, мүлктүк мамилелер, штаттарды оптималдаштыруу, муниципалдык ишканалардын түзүлүшү, бириккен жергиликтүү кеңештердин иштѳѳ тартиби сыяктуу маселелер талкууланууда.