Кудайберген Базарбаев: “Президентибиздин демилгеси жүзөгө ашырылууда”
Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору К.Б. Базарбаевдин «Кыргыз Туусу» гезитине берген маегинен.
— Кудайберген Базарбаевич, учурда республикабызда административдик-аймактык реформа жүрүүдө. Муну жөнөкөй тил менен айыл өкмөттөр менен шаарларды бири-бирине кошуу деп түшүнсөк болобу? Бул реформа бизге канчалык зарыл ?
— Туура суроо бердиңиз. Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери административдик-аймактык реформа жөнүндө айтылып келген. Ушул 30 жыл ичинде аткарылбай келген аймактык реформа Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин күчтүү эркинин натыйжасында учурда жүзөгө ашырылууда.
Административдик-аймактык реформа жөн гана айыл өкмөттөрдү жана шаарларды бириктирүү эмес. Аймактык реформанын максаты — айыл өкмөттөрүн жана шаарларды ирилештирүү менен аймактардын социалдык-экономикалык жана табигый-ресурстук потенциалын сарамжалдуу пайдалануунун негизинде элдин жашоосун жакшыртуу.
Аймактык реформа жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кайра түзүү, уюштуруу аркылуу алардын ишинин найтыжалуулугуна жетишүү жана калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган. Аймактык реформанын маанисин терең баамдаган мамлекет башчыбыз Жапаров Садыр Нургожоевич аны алгач пилоттук түрдө жүзөгө ашырууну демилгелеп, өзүнүн эки жарлыгын чыгарган.
Бул жарлыктарга ылайык, пилоттук режимде Ысык-Көл облусунун Түп районунда жана Нарын облусунун Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор райондорунда административдик-аймактык реформа жүзөгө ашырылды.
Жүргүзүлгөн реформанын негизинде Түп районунун 13 айыл аймагы 5 айыл аймакка бириктирилди. Нарын облусу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары 63төн 27ге кыскарды. Кыскартууда үнөмдөлгөн каражаттар айыл аймактарын өнүктүрүүгө багытталды. Нарында — 27, Түптө — 5 муниципалдык ишкана түзүлдү. Мындай ишканаларды түзүү аймактын элин жумуш менен камсыз кылып, алардын жашоосун жакшыртууга, кирешесин көбөйтүүгө өбөлгө болууда.
Ошондой эле бириккен айыл өкмөттөрүнө тиешелүү финансылык камсыздоо менен мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана тескөө, ички чарбалык ирригациялык системаларды эксплуатациялоо, келишимдик шарттарда сугат жерлерине сууну бөлүштүрүү жана башка укуктар берилди.
— Сиз жетектеген Агенттик аймактык реформаны жүргүзүүдө кандай иштерди аткарып жатат?
— Агенттик аймактык-административдик реформаны ишке ашырууга өз салымын кошууда. Алгач Түптө жана Нарында пилоттук негизде реформа жүргүзүүдө Агенттик өзүнө коюлган милдеттерди так аткарды. Агенттиктин кызматчылары бириккен айыл өкмөттөрүнүн эмгек жамааттарына ишти кайра уюштуруу, штаттык ырааттаманы түзүү, жоболорун бекитүү, кызматчыларды кайра дайындоо боюнча жеринде түшүндүрмөлөрдү берип, көп көмөктөрдү көрсөттү. Акимдердин, айыл өкмөт башчыларынын жана башка жооптуу кызматчылардын катышуусу менен бир катар жыйындар, окутуу семинарлары өткөрүлдү. Натыйжада, Түп районундагы жана Нарын облусундагы пилоттук реформаны ийгиликтүү жыйынтыктадык.
Бул аймактардагы реформа жүргүзүү тажрыйбасын үйрөтүү максатында биз 2024-жылдын январь айында райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдерди, шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын жана жергиликтүү кеңештин төрагаларын окутууну демилгеледик. Биздин демилгебиз Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы Жапаров Акылбек Усенбекович тарабынан колдоого алынып, аким жана мэрлер үчүн Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында бир жумалык окутуу өткөрүлдү.
2023-жылдын 29-декабрында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” Жарлыгы чыккан. Бул Жарлыкка ылайык биздин алдыбызга республиканын калган айыл аймактарында жана шаарларында административдик реформа жүргүзүү милдети коюлду. Жалпысынан 452 айыл аймагынан 217син кыскартуу каралган.
Жогорудагы жарлыкты аткаруу үчүн Агенттик тарабынан Кыргыз Республикасынын Президентинин “Пилоттук режимде жүргүзүлүп жаткан административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештердин иши жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу” Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” токтомунун долбоорлору иштелип чыгып, 2024-жылдын 7-февралында кабыл алынган.
Бул документтерди жетекчиликке алуу менен, аймактык реформанын жүрүшүндө бириккен айыл өкмөттөрүнүн жана шаарлардын ишин кайра уюштуруу маселелери боюнча консультацияларды, усулдук жардамдарды көрсөтүү максатында эки жумушчу тобу түздүлдү. Менин орун басарларым жетектеген жумушчу топтун бири Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарына, экинчи жумушчу топ Бишкек шаарында жана Талас, Чүй, Ысык Көл облустарына барып, Кыргыз Республикасынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн баш кылып акимдер, шаар мэрлери, шаардык кеңештин төрагалары жана айыл өкмөт башчылары үчүн жеринде окутууларды, консультацияларды өткөрүп келишти.
— Айыл өкмөттөрдү бириктирүүдө, айылдарды шаарга кошууда кандай көйгөйлөр болууда?
— Албетте, көйгөйлөр жок эмес. Жаңылануу дароо эле кабыл алына бербейт эмеспи, реформанын маанисин түшүнбөй каршы болгондор да бар. Айыл өкмөттөрүн бириктирүү, шаарларды кошуу кызмат орундарын кыскартууга алып келди. Бул адамдардын тагдырына таасирин тийгизип жатат, кызматы кыскарган жарандар маселе көтөргөн жагдайлар болууда. Ошол эле учурда кыскарууга дуушар болгон жарандарды кадрлар резервине киргизүү, ылайык келген кызматтарга орноштуруу боюнча чаралар аткарылууда.
Административдик-аймактык реформа жөнүндө мыйзам кабыл алынуусу зарыл, бул аймактык реформанын укуктук негиздерин камсыздап берет. Ошондуктан Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичтин тапшырмасы менен мыйзам долбоору даярдалууда. Бул мыйзам долбоору үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилет.
— Реформанын натыйжасында жергиликтүү кеңештердин ишмердиги кандай негизде уланат, алардын укуктук статусу сакталабы?
— Аймактык реформанын алкагында 484 жергиликтүү кеңештин ичинен (32 шаардык жана 452 айылдык кеңеш), 391 жергиликтүү кеңеш (14 шаардык жана 377 айылдык кеңеш) кайра уюшулду. 93 жергиликтүү кеңеште (18 шаардык жана 75 айылдык кеңеш) административдик чектер өзгөртүүсүз калтырылган. Реформанын натыйжасында жалпысынан 268 жергиликтүү кеңеш түзүлдү, анын ичинде шаардык кеңештер – 33, айылдык кеңештер — 235.
Айыл аймактарын бириктирүүдө бириккен айыл аймагын түзгөн айыл аймактарынын кеңештеринин ыйгарым укуктары токтотулат. Жаңыдан түзүлгөн айыл аймагынын кеңеши бириккен айыл аймагын түзгөн айылдык кеңештердин укук улантуучусу болуп калат.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттары мурда тиешелүү жергиликтүү кеңештердин депутаттары болгон айылдык аймак, калктуу конуш бириккен же курамына кошулган айыл аймагынын же шаардын кеңешинин курамында өз ишин улантат. Мында алардын ыйгарым укуктары алардын мөөнөтү аяктаганга, же мыйзамдуу жөнгө салынганга чейин сакталат.
Ошондой эле жергиликтүү кеңештер юридикалык жак катары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда мамлекеттик каттоодон же кайра каттоодон өтүүгө тийиш.
(Уландысы бар)